Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

БАГДАД АКШнын АЙЫПТООЛОРУН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирактын ички иштер министри Баян Жабр жол четинде орнотулган бомбалар кошуна Ирандан алынып келген, деген сөздөр "аша чапкан имиш" деп билдирди. Шейшембиде АКШнын коргоо министри Дональд Расмфелд Ирактагы кол салууларда колдонулуп жаткан куралдардын айрымдары Ирандан ташылып келип жатат, деп билдирген эле.

Шейшемби, 9-август күнү расмий Вашингтон Ирандан Иракка жышуруун түрдө курал ташылып жатат жана Иран муну менен Ирактагы жаңжалдын курчушуна салым кошууда, деп билдирди. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд бул тууралуу мындай деди:

- Иракта Ирандан алынып келген куралдар табылды, бул факт - айныксыз факт жана анын чын экени талашсыз.

Рамсфелд мындай аткесчиликке Ирак өкмөтүнүн түздөн-түз тийешеси бар- же жок экенин тактаган жок, бирок аткесчилерге бөгөт койо албагандыгы үчүн жоопкерчилик Ирандын өкмөтүнө жүктөлө турганын баса белгиледи.

Июль айында АКШнын маалымат каражаттары Иран-Ирак чек арасында Иракка жеткирилип бараткан куралдардын ири партиясы кармалганын билдиришкен эле. Куралдардын арасынан бронетехниканы жардыра турган бомбалар чыккан. Акыркы жумаларда болсо Ирактагы коалициялык аскерлер өлкөгө жашыруун ташылып бараткан куралдардын бир канча чакан партияларын колго түшүрүштү.

Курал аткесчилигинин артында Ирандын кайсыл күчтөрү турганы белгисиз, бирок лондондук эксперт Жонатан Линдлинин божомолунда, курал контрабандасынын артында Ирандын Революциялык сакчылары да турушу мүмкүн:

- Айрым учурда өкмөттүн макулдугусуз эле иш жүргүзө берүүчү бул мекеме мындай аракеттери менен Ирактагы Шиа топторун колдоп, кошуна өлкөдө белгилүү таасирге ээ болууну көздөп жаткан шекилдүү.

Мындан мурда Америка Кошмо Штаттары Ирандын Революция сакчыларынын гвардиясын Ливандын Шиа "Хесболла" тобун курал менен камсыздоодо, деп айыптап келген. Бир кезде Иран Саддам Хусейиндин режиминен качып, Иранда баш бааналаган топторго, атап айтканда, Ирактын Ислам Революциясынын жогорку Кеңеши менен “Дава” партиясына колдоо көрсөткөн. Бул эки топтун өкүлдөрү Ирактын азыркы өкмөтүнүн мүчөлөрү болуп калышты.

80-жылдарда бири-бири менен 8 жыл бою согуш жүргүзгөн эки кошуна өлкөнүн мамилелери акыркы убакта бир топ оңолуп калды. Эки тарап Шиалардын ыйык шаары Нажафта биргелешип аэропорт курууга макулдашышты, ошону менен катар эле өлкөлөр Ирактын Басра жана Ирандын Абадан шаарларынын ортосуна мунай куурун салууну пландаштырууда.

XS
SM
MD
LG