Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:53

Түштүк Кореяда бир адам компьютер ойундарынан каза тапты


Түштүк Кореяда 28 жаштагы бир жаран 50 саат бою тыным албай компьютер оюндарын ойногондон каза болду. Маалыматтарга караганда, ал ойноп бүткөндөн бир нече мүнөт өткөн соң, жүрөк талмасынан каза тапкан. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, ал эки күн бою тамак ичпестен, уктабастан ойноп, оюнун ажаатканга чыккан учурда гана токтотуп турган. Жигит компьютер ойноо үчүн жакында жумушунан да бошонуп кеткени маалымдалат.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Баян Жумакадыр кызы даярдады

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG