Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Ирак жол четинде орнотулган бомбалар кошуна Ирандан алынып келген, деген имиштерди четке какты


Ирактын ички иштер министри Баян Жабр жол четинде орнотулган бомбалар кошуна Ирандан алынып келген, деген сөздөр "аша чапкан имиш" сөздөр, деп билдирди. Кечээ АКШнын коргоо министри Дональд Расмфелд Ирактагы кол салууларда колдонулуп жаткан куралдардын айрымдары Ирандан ташылып келип жатат, деп билдирген эле. Бирок АКШлык министр мындай аткесчи аракеттер жөнүндө Ирандын өкмөтү билер-билбесин тактаган жок. Ирактын ички иштер министри сөз болуп жаткан соңку билдирүүсүндө Ирак-Иран чек арасында болгон окуяга токтоло кетти. Министрдин айтымында, Ирактын коопсуздук күчтөрү чек арадан алыс эмес жерден үкөктөрдү көтөрүп бараткан жоон топ кишиге ок ачкан. Окко кабылгандар көтөрүнчөктөрүн таштап, Ирандын аймагына кире качышкан. Чек арада болгон бул окуяга токтолгон министр ыктымал орун алып жаткан курал аткесчилиги жөнүндө кошумча маалымат жок экенин жана буга байланыштуу таратылып жаткан имиштердин баары аша чапкандык экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG