Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Иран Исфахандагы ядролук ишканага салынган кулпуларды ачууга киришти


Ирандын атомдук агенттигинин башчысынын орун басары Мухамед Cаиди кулпуларды ачуу эл аралык атомдук агенттиктин көзөмөлү менен өткөрүлүп жатканын билдирди. Агенттик Исфахандагы объекттерде атайын камераларды орноткон. Мындан бир нече күн мурда Тегеран ядролук проаграммасын токтотуп койуу тууралуу Еврошаркеттин сунушун четке каккан. Еврошаркет Иранга бир катар экономикалык жеңилдиктерди берүүгө убада кылган эле. Учурда МАГАТЭнин Венада өтүп жаткан чукул жыйынында Ирандын байытылган уранды чыгарууну улантуу жөнүндөгү чечими талкууланып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG