Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Ачкачылыктагы темир жолчуларга пенсионерлер келди


БИШКЕК. Темир жол тармагында эмгектенген 20га чукул пенсионерлер пикетте турган темир жолчуларга келип, ачкачылыкты токтотууга ынандырууга аракет кылышты. Шайланган президент Курманбек Бакиев ант берген күнү өзүмдү өзүм өрттөйм деп билдирип жаткан Гулнара Керимбаевага 10-августта темир жол транспортунун милиция кызматкерлери да ушундай эле максат менен келип кетишкен. 26-июлдан бери ачкачылыкта отурган Гүлнара Керимбаева учурда башы ооруп, кан басымы төмөндөп, акыбалы начарлап аткандыгын билдирди. Гүлнара Керимбаеванын айтымында, 14-августка чейин темир жолго адис жетекчи келбесе, бул тармакта кадрдык жаңы саясат башталбаса президент ант берген күнү өзүн-өзү өрттөйт.

XS
SM
MD
LG