Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Анжиянда чек арачылар жолугушту


БИШКЕК. 11-августта Анжиян шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу болду. Ага Кыргызстан тараптан Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, чек ара аскерлеринин башчысы Мырзакан Субанов катышууда. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстандын Баткен, Ош, Жалалабад, Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана облустарынын өкүлдөрү катышкан жолугушууда чек ара коопсуздугун сактоо жана кызматташууларды бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду.

XS
SM
MD
LG