Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Кыргызстанда жүздөгөн анжияндык качкындар жашынып жүрөбү?


БИШКЕК. Кыргызстанда учурда жүздөгөн анжияндык качкындар жашынып жашап жүрүшөт. Мындай пикирин “Акыйкаттык” деп аталган Оштогу укук коргоочу уюмдун жетекчиси Иззатулла Рахматуллаев билдирди. Анын айтымында, качкындар лагеринде баш калкалагандардан сырткары Кыргызстанга Анжияндан жүздөгөн бозгундар качып кирген. Иззатулла Рахматуллаев азыр алар курулуп бүтө элек үйлөрдө, талааларда, чатырларда жашап, карды тойбой кыйналып жүрүшөт дейт. Ал башкарган укук оргоочу уюм анжияндык жети үй-бүлөөгө тамак-аш жактан жардам берип турараарын билдирди. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов Анжиян козголоңу учурунда чек арадан өтүп келип, Сузактагы качкындар лагерин издеп жүргөн 80 адамды кыргыз бийлиги Өзбекстанга өткөрүп берген дейт. Эдил Байсаловдун айтымында, учурда Оштогу тергөө абагындагы 15 качкындан башка жүздөгөн анжияндык качкындар жашап жүрөт. Бирок бул тууралуу ырасмий органдардан маалымат жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG