Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?


Жаңы окуу жылына саналуу күндөр калды. Бирок билим берүү системасындагы кенемтенин орду дагы деле толбой, жалпы билим берүүчү мектептерде айрым сабактар боюнча мугалимдердин жана, окуу китептеринин жетишсиздиги негизги маселе бойдон калууда.

Быйылкы окуу жылында Кыргызстанда 1 млн. 125 миң окуучу 2066 мектептин босогосун атташат. Анын ичинде жаңы курулуп, пайдаланууга бериле турган мектептердин саны 60. Жалпы план боюнча, 2005-окуу жылына 98 мектеп курулууга тийиш болчу. Бирок бюджеттеги каражаттын жетишсиздиги буга мүмкүнчүлүк берген жок. Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулунун айтымында, жаңы курулган мектептерди окууга керектүү эмеректер, окуу китептери менен жабдуу жана окутуучулар менен камсыздоо кыйынчылыкка турууда. Бирок билим берүү министринин милдетин аткаруучу мектептер жаңы окуу жылына толук даяр экендигин белгиледи.

9-август күнү вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова жергиликтүү бийлик ээлерин мектептерди жаңы окуу жылына жана кышка даярдык көрүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырган буйрукка кол койду. Ага ылайык, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги, шаардык, райондук жана облустук жетекчилер карамагындагы жалпы билим берүүчү мектептерге-оңдоп-түзөө иштерине жана кышкы отун менен камсыздоого милдеттүү. Билим берүү министрлигинен алынган маалыматтар боюнча, мектептерди көмүр менен камсыздоо жагы Ош жана Жалалабат облустарында колго алынбай жатат.

Ал эми Ош облустук администрациясынын маалымат катчысы Алишер Токсонбаев жергиликтүү бийлик тарабынан орто мектептерди жаңы окуу жылына карата даярдоого көмөк көрсөтүү маселеси алдыңкы орунга коюлгандыгын айтты:

- Ош облусунда бардык агартуу мекемелерин кышка карата көмүр менен камсыз кылуу аракеттери катуу жүрүп жатат. Босогобузду ызгаар аттагыча бул маселе оң жагына чечилет. Эгерде тийиштүү мекемелер, райондордун акимчиликтери шалаакылыкка салып, муну үзгүлтүккө учурата турган болсо, алардын жоопкерчилиги катуу болот.

Жалпы билим берүү системасындагы негизги көйгөйлөрдүн бири—окуу китептеринин жетишсиздиги. Учурда окуу китеп маселеси шаарлардагы мектептерде бир аз жөнгө салынган. Бирок айылдык мектептерде 2-3 бала бир китепти бөлүшүп окууга аргасыз. Мындан балдардын билим алуусу жеткиликтүү болбой калары тууралуу айтып, мугалимдер да, ата-энелер да тынчсызданып келишет.

Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулунун айтуусу боюнча, Кыргызстанда акыркы 15 жыл ичинде окуу китептерин чыгарууга бир тыйын акча бөлүнгөн эмес:

- Акыркы 15 жыл ичинде окуу китептерин чыгарууга мамлекет тарабынан бир сом да берилбептир. Окуу китептери анча-мынча чет өлкөлүк уюмдардын эсебинен жана балдар бир жыл окуп, колдонууга төлөгөн каражаттын эсебинен гана басылып келе жаткан экен. Мен ЖК депутаттары менен сүйлөштүм, быйыл окуу китептерин чыгарууга бюджеттен каражат бөлдүрүүгө, бул маселени эмки жылдын бюджетине кошууга аракеттерди көрүп жатабыз. Өкмөт да колдоп жатат. Балдарды окуу китептери менен толук камсыз кылуу биздин милдетибиз.

Ошондой эле дагы бир маанилүү, чечилбей келе жаткан маселе - айыл жергесиндеги мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги. Мунун кесепетинен жаш жеткинчектер айрым предметтерден билим алалбай калып жатышат.

Бул кенемтени толтуруу аргасын кылып, билим берүү министрлиги өткөн жылы айылдык мектептерге барып иштөөчү жаш мугалимдер үчүн «Депозит» долбоорун ишке киргизген. Бирок аталган министрликтен алынган маалыматтар долбоор максатына жетпей жаткандыгын көрсөтүүдө. Долбоор боюнча быйылкы окуу жылында 300 жаш мугалимге айылга барып, иштөөгө шарт түзүлгөн. Бирок жогорку окуу жайларын бүтүргөн жаштардын арасында алыскы айылдардагы мектептерге барып, жеткинчектерге билим берүүнү каалоочулар өтө аз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG