Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

АКШнын космос агенттиги – НАСА иликтөөчү аппаратты Марска учурууну экинчи ирээт кийинкиге калтырды


АКШнын космос агенттиги - НАСА бүгүн Флорида штатындагы Канаверал булуңунан Марска киши башкарбаган аппаратын учурууну техникалык себептерге байланыштуу дагы бир суткага токтотту. Ал кечээ эле учурулмак, бирок айрым техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу бүгүнкүгө калтырылган эле. Марсты изилдөөчү аппаратты космостун орбитасына "Атлас" деп аталган ракета алып кирет. Ал келерки жылдын март айында Марска жеткенден кийин, бул кызыл планетада суунун кору канча мөөнөт болгонун иликтемекчи. Мурдагы иликтөөлөр бир кезде Мрстын үстүңкү катмарында суу болгонун көргөзгөн эле.

Эл аралык кечки жаңылыктарды даярдагандар - Улан Эшматов менен Баян Жумакадыр кызы, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG