Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Казакстанда канаттуу ылаңынын адамга жукчу вирусу дагы үч кыштакта катталды


Андай вирус оболу Орусия менен чектеш Павлодар облусундагы кыштактардын биринен табылган эле. Казак айыл чарба министрлигинин ветеринария департаментинин башчысы Талгат Абулгазиндин айтымында, эми Акмоло облусундагы эки, Караганда облусундагы бир кыштакта да катталды. 2003-жылдан бери Азия өлкөлөрүндө канаттуу ылаңы жараткан вирустан 50 дөй адам каза тапкан. Казакстан менен Орусияда азыр бул илдет жайылууда, бирок ага адамдар кабылган учур азырынча боло элек

XS
SM
MD
LG