Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Британияда өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептелген 10 чет элдик кармалды


Өлкөнүн бул тууралуу жарыялаган ички иштер министри Чарльз Кларк кармалгандар кимдер экенин жана кандай коркунуч келтиргенин айткан жок. Ал белгилегендей, Британия кармалгандар депортациялануучу өлкөлөрдөн алар кыйноого кириптер болбоору жөнүндө кепилдик аларына ишенет. Адам укуктары боюнча европалык конвенцияга кол койгон өлкө иретинде Британия адамдарды алар өлүмгө же кыйноого дуушар болушу мүмкүн өлкөлөргө жибере албайт. Би-Би-Синин билдиргенине караганда, кармалгандардын арасында "ал-Каиданын" лидери Усама бин-Ладендин Европадагы идеологиялык элчиси деп эсептелген , теги иорданиялык Абу Катада деген динаятчы да бар. Ал эми Ливанда Омар Бакири деген сириялык радикал динаятчы кармалды. Ал Ливанга Британиядан барган жана Лондондо жашап жүргөн учурунда мусулмандарды полицияга террорчуларды издөөдө жардам бербөөгө чакырган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG