Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Азербайжанда оппозициянын кеңселерине кол салынышын айыптады


"Чек арасыз кабарчылар" уюму Баку шаарында оппозициячыл гезиттер менен “Азербайжан элдик майданы” деп аталган оппозициячыл уюмдун кеңсесине кол салынышын айыптады. Кол салууга кабылгандар болсо, окуяны ноябрь айында өтүүчү парламенттик шайлоо менен байланыштырышып, бул үчүн өкмөттүн жактоочуларын күнөөлөшүүдө. Кечээ өкмөттүн 200дөй жактоочусу оппозициячыл Элдик майдандын кеңселерине чабуул коюуга аракеттенишкен эле. Кол салгандар "Мусават" партиясынын өкүлдөрү болчу, алардын айтымында, оппозициянын Армениянын агенттери менен алакасы бар. Оппозициячыл партиянын кеңсесине кол салынуусун кечээ АКШнын Бакудагы элчилиги да айыптады.

XS
SM
MD
LG