Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Эл аралык атомдук агенттик-МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши бейшемби күнү кеч шамда Ирандын ядролук программасын улантуусуна байланыштуу даярдалган долбоорду талкуулайт. Долбоорду Евротрио-Германия, Франция жана Британия киргизген. Талкуу башталбай жатып, Иран долбоорго макул эместигин билдирип, аны сынга алды. Документ Иран дүйшөмбү күнү Исфахандагы ишканасында ядролук программасына байланыштуу ишмердигин кайра баштагандан кийин даярдалган.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши талкуулоочу долбоордо Ирандын уранды байытуу иштерин кайра баштоосуна “олуттуу тынчсыздануу” айтылып, Тегеран ядролук программасы боюнча ишмердүүлүгүн толук токтотууга чакырылат.

Документ МАГАТЭнин директору Мохаммед эл-Барадейиден 3-сентябрга Ирандын Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимди аткаруусу жөнүндө кеңири маалымат берүүнү да талап кылат. Бирок Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылуу тууралуу анда эч нерсе айтылбаган.

Долбоор Иран Исфахандагы ишканасындагы атомдук жабдууларга коюлган сургуч мөөрлөрдү бузуп, ядролук ишмердүүлүгүн баштагандан кийин Евротрио-Германия, Франция жана Британия тарабынан даярдалган. Евробиримдикке кирген бул үч өлкө МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешине мүчө.

АКШ Тегерандын кадамын сындап, келечекте Иран эл аралык камоого кабылаарын эскертти. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели кечээ түнкү билдирүүсүндө мындай деди:

- Биз Ирандын европалыктардын сунушун жактырбасатан четке кагып, уранды байытуу ишин баштап, сургуч мөөрлөрдү сындырып, бир катар провокациялык кадамдарды жасаганын көрдүк. Иран анысы менен кызматтышуудан качып, эл аралык мекемелерден четтеп жатканын эл аралык коомчулукка ачык билдирүүдө. Бул кабарды МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин мүчөлөрү даана жана так угушту.

Ирандын уранды байытуу иштерин кайра баштоосун АКШ жана Евробримдик 2004-жылы ноябрда Евротрио- Иран арасында түзүлгөн келишимди бузуу катары баалашты.

Ырасмий Тегеран Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге жараша уранды электр энергиясын өндүрүү үчүн пайдалана алаарын жана сүйлөшүүлөрдү улантуудан даяр экенин айтууда. Ирандын атомдук энергия агенттигинин башчысы Гуламреза Агазаде шаршемби күнкү билдирүүсүндө Иран сүйлөшүүнү улантып жаткан шартта, Европа өлкөлөрү Тегерандын өзөктүк технологияны тынчтык максатында пайдалануу укугун урматташы керек экенине көңүл бурду:

- Ирандын саясаты европалыктар болбобу, МАГАТЭ болобу же башка өлкөлөрбү, алар менен сүйлөшүүнү улантуу. Мурда европалыктар Ирандын көптөгөн сунуштарын четке каккан, ошон үчүн маанилүү эч нерсе деле болгон жок.

Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан азыркы туңгуюктан чыгуунун эң мыкты жолу сүйлөшүүлөрдү улантуу деп санайт. Аннандын сөзүнчө:

-Менде эки тараптын тең маселени жөндөө жолдорун издөөгө даярдык көрүп жатканын ырастаган белгилер бар.

Ирандын жаңы президенти Махмуд Ахмединежаддын маалымдашынча, ал келерки жумада болчу өкмөттүн жыйынында кризисти жөндөөнүн жаңы идеяларын талкууга койот.

ИРАКтын МАГАТЭдеги делегациясынын башчысы-агенттик непада БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылса, эки ортодогу чатак дагы ырбап кетээрин эскертти.

Кытайдын пикиринче, МАГАТЭнин Коопсуздук Кеңешине кайрылуусунан эч майнап чыкпайт.
XS
SM
MD
LG