Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:18

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы боюнча талап кылууда


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик Ирандын өзөктүк программасы тууралуу резолюция кабыл алып, уранды байытуу иштерин токтотууну талап кылды. Андан тышкары программа боюнча акыркы документти даярдоону директоруна тапшырды. Резолюцияда бирок Ирандын маселесин БУУнун Коопсуздук Кеңешинде каратуу жөнүндө эч нерсе айтылган жок. Ирандын делегациясынын башчысы Ширус Нассери резолюцияны четке кагып, мындай деди:

- Резолюция агенттик үчүн начар кызмат кылат. Тилекке каршы муну биз өкүнүү менен белгилейбиз. Исфахандагы иш улана берет, бирок МАГАТЭнин толук көзөмөлүндө болот.

Ал эми МАГАТЭнин башчысы Мохаммад Ал Барадей кризистен сүйлөшүү жолу менен чыгуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керек деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG