Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

СӨЗ ЭРКИНДИК КИШЕНИ ЫРГЫТЫЛА ЭЛЕК


Мурдагы бийликтен ыдык көргөн Ф. Кулов менен Т.Тургуналиевдин акталышы саясий куугунтукка кабылган журналисттердин маселесин алдыга алып чыкты. А. Акаевдин жеке арызынын негизинде «Республика» гезитинин редактору менен орунбасары, кабарчысы камакка алынып, кылмыш иши козголгон. Эркин маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүп, журналисттерди сот жообуна тарттырган а кездеги аткаминерелердин айрымдары азыр деле жооптуу кызматтарда.

Аскар Акаевдин итиркейин келтирген маалымат алгач «Республика» гезитинде «Тамы жок президентке үй бер» деген аталышта жарык көргөн. Бишкектеги үч бөлмөлүү үйүнөн башка салып койгон тамы жоктугун айтып, сотко жеке адам катары кайрылган а кездеги президенттин мөрөйү үстөм чыгып, гезиттин башкы редактору Замира Сыдыкова, орунбасары Тамара Слащева кылмыш жоопкерчилигине тартылып, өз кесибинде иштөө укугунан ажыратылып, шарттуу соттолгон.

Ушу тапта «Слово Кыргызстана» гезитинде иштеген Тамара Слащева элдик ыңкылаптан кийин адамдык укугун коргоп, прокуратурага арыз жазып кайрылууга убакты-сааты болбогонун айтат:

- 1995-жылы болуп өткөн сот ишине кайрылууга менде убакыт болбоду. Бирок аны мен ойлоп жүрөм.

Тамара Слащева оболу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, андан соң А. Акаевге каршы доо арыз жазышарын маалымдады:

- А.Акаевден компенсация өндүрүп берүү тууралуу сотко кайрылууга акыбыз бар. Бизге карата кылмыш иши гана ачылбастан, журналисттик ишке тыюу салышкан. Ошондуктан биз мурдагы президентке кайрылабыз. Ал биздин эмгекке болгон укугубузду чектеген. Башмыйзамда эмгек укугу чектелбейт. Убакыт таап соттошуу керек.

Укугу тебеленген журналисттердин Башкы прокуратурага кайрылууга шашпай жатышынын себеби жөнөкөй эле. Аны Американын Борбор Азия университетинин окутуучусу Марина Сивашова соттук териштирүүлөрдүн кыйла убакты-саатты алышы, анан да анын жыйынтыгынын бүдөмүктүгүнө байланыштуу түшүндүрөт:

- Азыркы Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун доо арызы боюнча «Республика» гезитинин төрт журналистин соттошкондо редакциянын үйүн шыпыргыч менен айдоочуну гана жоопкерчиликке тартышкан жок. Жазгандардын баары сотто жүрүштү. Бул мен үчүн чоң сабак болду. Азыр студенттерге сабак өтүп жатып, бул өлкөдө сөз үчүн соттотуп ийиш опоңой эле деп такай айтып келем.

Бийлик алмашып, маалымдоо каражаттары мурдагыдай кысымга кабылбаганы менен журналисттерге каршы кылмыш ишин ачууга негиз берчү Кылмыш кодексиндеги 127-берене алынып ташталган жок. Ошондон жаңы бийликте деле сөз эркиндигин ооздуктоо азгырыгы бүгүн болбосо эртең пайда болушу мүмкүн дейт М.Сивашова.

А.Акаев режиминен өзгөчө ыдык көргөн журналист Ырысбек Өмүрзаков болду окшойт. Ага каршы 17 ирет кылмыш иши козголуп, анын биртобу 24-марттагы окуялардан кийин өзүнөн-өзү жок болду. А. Акаевдин аброюна шек келтиргендиги үчүн делинип Ы. Өмүрзаков 1995-жылкы президенттик шайлоо алдында камакка алынган.

- 1996-жылы А.Акаевдин аброюна шек келтирди дешип Нарынга алып барып СИЗОдо 110 сутка кармап, андан кийин сот болуп 2 жыл колония-поселения албадым белем. Ошол иш боюнча мен былтыр эле Н.Жучковдон (А.Акаевдин адвокаты – Ред.) түзмө-түз сурадым. Ошол баракча, президенттин аброюн кетирди деген баракча чын эле бар беле дедим. Ал бир баракчаны акимчилик бербедиби дейт. Алаканын жаят, ал эми саясат, өзүңүз түшүнөсүз да, дейт.

Экинчи ирет Ырысбек Өмүрзаковду айыл чарба машиналарын жасоочу заводдун жатаканасындагы кыргыз жаштарынын укугун коргогон макаласы үчүн соттошкон. Буга чейин козголгон кылмыш иштерди, соттук териштирүүлөрдүн материалдарын топтоп, Ырысбек Өмүрзаков Башкы прокуратурага кайрылууга даярданууда.

Экс-президент А.Акаевдин арызы менен башталган журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу кийинки жылдары жарандык тартипке көчүп, эркин маалымдоо каражаттарына, журналисттерге миллиондогон сомдук айыппулдарды салуу өнөкөтү жайылып кеткен. Аларды демократиялык салты өнүккөн өлкөлөрдүн тартибине салуу, маалымдоо каражатын, журналисттерди саясий куугунтукка алууга шарт түзгөн укуктук негизди өзгөртүү аракети азырынча жасала элек.
XS
SM
MD
LG