Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Бириккен Улуттар Уюму «Жаштар үчүн аракет» аттуу дүйнөлүк программаны кабыл алгандан бери он жылдын жүзү болду. 12-август – Жаштардын күнүнө карата Бириккен Улуттар Уюму бардык өлкөлөрдүн бийликтерин жаштар саясаты боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Ушул тапта дүйнө жүзүндөгү жалпы калктын жарымын 25 жашка толо электер түзөт. Эрезеге толоюн деп калган өспүрүмдөрдүн эле санын алсак, ал 1 миллиард 200 миллионго жетип калды.

Демек, он жыл илгери Бириккен Улуттар Уюму бардык өлкөлөргө кайрылып, жаштар үчүн атайын иш-аракеттердин долбоорун даярдап, жүзөгө ашырууга чакырганы – жалпы адамзат үчүн мезгил талабы болуп саналат.

Мындан беш жыл илгери болсо «Миң жылдык өнүгүү мерчеми» деп аталган долбоор жактырылган. Анда дүйнөдөгү жакырчылыкты азайтуу, балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кескин жогорулатуу сыяктуу олуттуу максаттар белгиленген.

Бириккен Улуттар Уюмунун жаштар саясатын тейлеген программасынын өкүлү Шарлотте ван Хэйс (Charlotte van Hees) айым соңку он жыл ичинде билим берүү жаатында бир кыйла ийгиликтер болгонун айтат:

- Билим берүү жаатында кыйла илгерилөө болду. Мурдагыдан алда канча көп балдар мектепке бара башташты. Бул – абдан жакшы жылыш.

Бирок ал да аткарылгандан кагаз бетинде калган убадалар алда канча көп экенин моюнга алат.

Маселен, мектеп жашындагылардын арасында 100 миллиондон ашуун өспүрүм мектеп босогосун аттай албай сыртта кала берүүдө. Алардын басымдуу көпчүлүгү – кыздар, башкача айтканда, келечектеги муундарга тарбия бере турган болочокку энелер.

500 миллиондон ашуун улан-кыздар күнүнө 2 доллардан азыраак каражатка эптеп жан сактап келет. Ар күн сайын 30 миңдей бала жакырчылыктын зардабынан өмүрүнөн ажыродо.

Жумушсуздук да нечендеген жаштарды ийнинен ныгырып чүнчүтүп келет. Маселен, учурда ирандык жаштардын 20 пайыздан ашууну – жумушсуз.

Пост-советтик өлкөлөрдө да жаштардын көйгөйлөрү коомдо дурустап чечилбей келе жаткан башкы маселелерден.

Билим алуудан тышкары, билимди өркүндөтүү көйгөйлөрү да бар эмеспи.

Украиналык жаш дарыгер, 24 жашар Игорь Руденко өзүнүн дарыгердик кесибин өркүндөтүү үчүн колу такыр бошобой жатканын мындайча түшүндүрөт:

- Мага көбүрөөк иштөөгө туура келгендиктен, медицинага азыраак көңүл буруп калдым. Эгерде мен дарыгерлер жылына 200 миң еврого чейин маяна алган Норвегия сыяктуу чет өлкөдө иштечү болсом, анда бардык бош убагымды медициналык билимимди арттырууга жумшаар элем. Азыр кошумча иш менен алпурушууга аргасыз болгондугумдан, ординатурада окууну кийинкиге калтырууга мажбурмун. Мен кошумча айлык табуу үчүн китепканада иштеп жатам.

Келээрки айда дүйнө мамлекеттеринин башчылары Бириккен Улуттар Уюмунун жалпы жыйынына чейин дүйнөлүк саммитке чогулуп, миң жылдык долбоор кандайча жүзөгө ашырылып жатканын талкуу кылмакчы.

Андан соң, 6-октябрда БУУнун Жалпы жыйыны жаштар саясаты боюнча он жылдык иш-аракеттин жыйынтыгына өз баасын берет.

БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан жаштарды жигердүү болууга, өз көйгөйлөрүн 14-16-сентябрдагы дүйнөлүк саммитке чейин ачык айтууга чакырууда.

«Азаттык» үналгысы да Кыргызстан жаштарынын көйгөйлөрүнө арналган берүүлөрүн күн сайын обого чыгара бермекчи. Угармандарды жаштарга арналган «Азаттык плюс» аттуу берүүбүздү угууга чакырабыз. Бул берүү күн сайын Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де обого чыгарылып келет.
XS
SM
MD
LG