Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Качкындар боюнча сот 16-августка которулду


БИШКЕК. Оштогу тергөө абагында кармалып турган өзбек бозгундарына байланыштуу сот жараяны 16-августка которулду. Бул качкындардын кызыкчылыгын коргогон «Адилет» уюмунун лидери Чолпон Жакупованын сунушу менен жасалды. Жакупова иши каралып жаткан бозгундун сотко жеке өзү катышуусун талап кылган. «Адилет» уюму айрым бозгундарга өлкөнүн миграциялык кызматы баш паанек издеген атуул макамын бербегендиги үчүн сотко кайрылган. Бишкектеги райондор аралык сот бир бозгунга байланыштуу ишти кароону 11-августка белгилеген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG