Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Мамат Орозбаевдин арызы сотто карала баштады


БИШКЕК. 12-августта Биринчи май райондук соту №39 Куршаб шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан талапкер Мамат Орозбаевдин Борбордук шайлоо комиссиясына каршы берген арызын карай баштады. Маалым болгондой, 31-июлда Куршаб шайлоо округунун үч участогунда кайра добуш берүү өткөн. Округдук шайлоо комиссиясы добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болгон жана Адахан Мадумаров өзүнүн кызматын өткөрүп берген эмес деп, шайлоо өтпөй калды деген чечим чыгарган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарып, шайлоонун жыйынтыгын тааныган чечим кабыл алган. Мамат Орозбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. Куршаб шайлоо округу боюнча депутаттыкка вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров менен Мамат Орозбаев ат салышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG