Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Кыргыз-өзбек чек арачылары сүйлөштү


БИШКЕК. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчылары Анжияндагы жолугушууда чек ара бөлүктөрүнүн жетекчилерине өз ара кызматташууну бекемдөөгө жана чек арадагы кырдаал боюнча маалымат алмашып турууга тапшырма берди. Бул тууралуу өлкөнү чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Эки тарап ошондой эле чек ара коопсуздугун чыңдоо, пайда болгон чатактарды тынчтык жол менен чечүү тууралуу бир пикирге келишкен. Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара кызматтарынын жетекчилери 11-августта Анжиянда сүйлөшүү өткөрүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG