Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

АНЖИЯНДА КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫНЫН БАШЧЫЛАРЫ ЖОЛУГУШТУ


Бейшембиде Өзбекстандын Анжиян шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу болду. Ага эки өлкөнүн Фергана өрөөнүндөгү облустарынын бийлик өкүлдөрү да катышты. Жолугушууда тараптар чек ара коопсуздугун сактоо жана кызматташууларды бекемдөө боюнча сүйлөшүштү. Ош-Баткен жолуна Өзбекстан мурда алынган чек ара бекетин кайра орнотуу же орнотпоо маселеси да ушул жыйында чечилиши күтүлгөн эле. Бирок эки ортодо талаш туудурган бул маселе дагы кийинкиге калтырылды.

Анжияндагы эки тараптуу бул сүйлөшүүгө Кыргызстан менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматтарынын төрага орун басарлары, чек ара аскерлеринин башчылары Мырзакан Субанов менен Илхом Иброгимов баштаган топтор катышты. Жолугушууда кайсы маселелер козголгону, кандай сөз болгону тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева төмөнкүлөрдү билдирди:

- Бул эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчыларынын мындай кеңири алкактагы алгачкы жолугушуусу болду. Анда негизинен бул багыттагы эки тараптуу кызматташууларды бекемдөө маселеси каралды. Ошондой эле чектеш аймактарда чек ара коопсуздугун камсыздоо, мындан ары тыгыз байланышта иш жүргүзүү жана кырдаал тууралуу маалыматтарды алмашып туруу боюнча да макулдашылды. Мындан сырткары чектеш аймактардагы эки элдин ортосундагы чыр-чатактардын, пикир келишпестиктердин алдын алуу, эгер ошондой учурлар болуп калса аны эки тараптагы чек арачылардын катышуусунда тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселеси да каралды.

Акыркы күндөрдө Өзбекстан Кадамжай районунун Айрыбас айылына чектеш жерге, Баткен-Ош жолунунун боюна мурда алынган чек ара бекетин кайра койуу аракетин көрүүдө. Ага кыргыз тарап каршы болуп, буга чейинки жергиликтүү денгээлдеги сүйлөшүүлөрдө маселе чечилбей, ал ушул Анжиян жолугушуусуна калтырылган. Бирок анда да бул талаштуу маселе чечилген жок.

Бул тууралуу жыйынга катышкан Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев мындай дейт:

- Өзбек тарап чек ара бекетин кайрадан Ош-Баткен жолуна чыгарабыз деген сунушун айткан. Баткен жана Фергана облустарынын бийлик өкүлдөрүнүн, чек арачыларынын буга чейинки жолугушуусунда биз анын коюлушуна каршы чыкканбыз. Анткени ал транзиттик жолдон жалаң гана Кыргызстанга тиешелүү автоунаалар каттайт. Анжиян жолугушуусунда ошол эле суроо, ошол эле жооп болуп, маселе дагы кийинкиге калтырылды.

Таштемир Эшалиев ошондой эле бул чек ара бекетин койууга эч кандай негиз жоктугун белгиледи:

- Аны койууга эч кандай негиз жок. Алардын максаты – Кыргызстанга тиешелүү автоунааларды тосуп, биздин атуулдардан эптеп эле бир нерсе өндүрүп калуу.

Кадамжай районунун тургуну Ташмахат Орозов да бул чек бекетинин коюлушуна жергиликтүү калк караманча каршы экенин айтат:

- Чек ара бекетин койуунун эч кажети жок. Бул биздин облусту Ош, андан ары Бишкек шаары менен байланыштырган негизги жолубуз. Жүз пайыз Кыргызстандын автоунаалары каттайт. Жергиликтүү эл бекеттин кайра койулушуна каршыбыз, кошуналардын аракети туура эмес.

Ошентип, эки ортодо талаш туудурган бул маселе дагы кийинкиге калтырылды. Өзбек тарап кайра орнотууга ниеттенип жаткан аталган чек ара бекети 2000-жылы облустун ошол кездеги губернатору Мамат Айбалаевдин аракети менен алынган эле.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG