Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

АПАС ЖУМАГУЛОВ: “КЫРГЫЗСТАНДАН КЕЛГЕН ЗАМАНДАШТАРЫБЫЗДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КОРГОО – НЕГИЗГИ МАСЕЛЕ” (2-БӨЛҮК)


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Апаc Жумагулов бейшембиде “Азаттыктын” кабарчысына маек куруп, Кыргызстандык эмгек мигранттардын камылгасын көрүү мындан ары элчиликтин эң негизги маселелеринин бири боло турганын кеп салды. Ошол маектин экинчи бөлүгүн сунуш кылабыз.

-Апас мырза, Орусияда жүргөн Кыргызстандын эмгек мигранттарынын абалы, аларга мындан ары көрүлчү жардамдар тууралуу кеп салсаңыз.

- Ким болсо да өзүнүн өлкөсүнөн алыс чыккандан кийин мусапыр болуп калат. Ошондой мусапыр болуп калган биздин замандаштарыбыз Орусияда абдан көп экен. Аларды эки-үч жылдан бери көрүп абдан ичим ооруп жүрдү эле. Ошондуктан элчиге келгенден баштап, алар менен тыгыз байланышып, алардын арыз-муңун угуп: кандай жашап атат? Кандай себеп менен келип калган? Кайсы жерге келген? Келген жеринде иштери кандай? Мыйзамдуу түрдө иштеп аткан бекен же келип алып эле - эми кичине катуураак айтып коеюн – “кул” болуп иштеп аткан бекен? - деген ойлор жүрөктү өйүп жүрчү эле. Ошол себептүү азыр алар менен абдан тыгыз байланыштабыз. Шайлоо өткөндө Москва, Москванын тегерегинде жерлерден, Екатеринбург, иши кылып Орусиянын батышынан чыгышына чейин жерлерден 32130 киши шайлоого катышты. Алардын көбү менен ушул жерде жолуктук. Көбү менен базарга өзүбүз барып жолуктук. Жаткан жерине, иштеп жүргөн жерине да барып жолуктук. Алардын чечилбеген маселелерин чечели деген гана ой. Биз элчиликте жаңы эреже киргиздик. Элчикананын эшиги эки күн керели кечке алар үчүн ачык болот.

- Айынабы же жумасынабы?

- Жумасына эки жолу, экинчи жана төртүнчү күндөрү ачык болот. Ким болбосун, эгерде мага келем десе мага, кеңешчилерге барам десе аларга барат. Элчиликке башбагуу кыйын, элчилик менен чече албадым деген маселе болбосун деген кеп. Бир гана ой. Ушуну угуп алышып кээ бирөө элчиликке барсам эле маселемдин баарын чечип калат экенмин дешет экен. Тилекке каршы андай эмес. Кээ бир маселелерди чече алат экенбиз, кээ бир маселелерди чече албайт экенбиз. Бирок чече албаган күндө да анын жолун айтып берип койсок жардамыбыз ошол болуп калар.

- Бул жакка келген кыргыздардын арасынан өлүмгө учурагандар бар экен. Кээси өз ажалынан өлсө кээси киши колду болуп атат дешет. Мурдараакта биздин радиодон кетти, маскөөлүк бир жигит айтканга караганда, бир жуманын ичинде кыргызстандык он төрт киши каза болушкан. Андан мурда ар кыл агенттиктер да Бишкекке жеткирилген 72 кишинин сөөгү тууралуу маалымат таркатышты эле. Ушунун баары Орусияда курман болгондор. Ушул багытта эмне иштер иштелип атат? Алардан кабарыңыздар барбы?

- Албетте, бул маселе боюнча маалыматыбыз бар. Орусиянын кай жеринде болбосун: Москвада болобу, Владивостокто болобу, Санк-Петербургда болобу бизге маалымат келип турат. Тилекке каршы бул абдан кыйын маселе экен. Кээ бирөө ден соолугу начар болуп ошондон кайтыш болот. Кээ бири ысыкта сууга түшөм деп, чөгүп кайтыш болот. Кээ бири мушташтан, кээси бирөөдөн токмок жеп каза болушат. Турмуш деген ушу экен. Ар түр себептер менен мындай кырсыктар боло берет экен. Бир эле себеп менен андай окуя болуп турат экен деп, бул системага айланып кеткен көрүнүш деп айта албайбыз. Сиз, он төрт окуя тууралуу айтып атасыз, биз ошонун баарына тең тийешелүү адистерибиз барып кайтты. Эмне үчүн андай кайгылуу иш болду? Кандай себеп менен? Ал окуяда биздин кишинин күнөөсү барбы? Күнөөсү жок болсо анда эмне себеп менен каза болгон?- деген суроолорду териштирип, ага жооп таап кайтышты. Кээ бирөө бул жакка келип, иш таба электе ошондой окуяга дуушар болот экен. Эне-атасы боздоп алыс жерде турса анан кантип жардам бербей кое алабыз? Колубуздан келген жардамды беребиз, бирок биздин күч деле дайыма жете бербейт. Себеби бир окуя болуп калса анда бир жөн, кээде көбөйүп кеткенде биздин ахвалыбыз кыйын.

Андан сырткары келип, камалып калгандар бар. СИЗОлорго жатып калат. Текшерип бүтөт анан аларды алып кеткиле дейт. Кантип алып кетебиз? Ошондуктан бул маселе абдан орчундуу, кыйын маселелердин бири. Буга биз сөзсүз көңүл бурабыз. Бир окуя болсо да ошону, эгерде биз билип калган болсок - билбей калсак бир жөн – биз аны мыйзамдаштырып, эгерде ал кылмыштуу иш боло турган болсо ошону түшүнүп, кылмыштуу иш эмес болсо анда органдар аркалуу күнөөлүүлөрдү жазага тарттырганга дейре аракет кылабыз.

Жыйынтыктап айтканда: биздин эң негизги маселелерибиздин бири – Кыргызстандан келген замандаштарыбыздын кызыкчылыгын коргоо. Ошондуктан бул маселе дайыма биздин оюбузда. Алар иштеп аткан жеринде кыйынчылыкка кабылбасын же СИЗО, милицияга түшүп калсын, бирок алар биздин эл, биздин замандашыбыз. Аларга жардам берүүгө, алардын кызыкчылыгын коргоо биз сөзсүз аракет кылабыз.
XS
SM
MD
LG