Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

Жалалабатта коопсуздук чаралары күчөтүлдү


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук ички иштер башкармасында президенттикке шайланган Курманбек Бакиевдин 14-августтагы ант берүү аземине карата облустун аймагында коомдук тартипти чыңдоо жана тынчтыкты сактоо маселеси талкууланып, өзгөчө шектүү уюмдар менен алардын мүчөлөрүнө, кылмыштуу топтордун иш аракеттерине көзөмөл салуу боюнча тармактуу уюмдарга тиешелүү тапшырмалар берилди. Тапшырмага ылайык, тартип сакчылары ички иштер, чегара аскерлери менен бирдикте облустагы стратегиялык маанидеги ишкана мекемелери күзөтүүгө чыгарылды. Өзбекстан менен чектешкен райондордун ишин бекемдөө үчүн атайын адистер ал райондорго жиберилди. Чегара аскерлери айрыкча Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы жана Чаткал райондорунун чегара бекеттери орнотула жана эки мамлекет ортосунда тактала элек жерлерде да ишин күчөтүшүп, ачык талаа жана канал аркылуу өтүп келүүсү мүмкүн болгон өзбекстандык жарандарга текшерүү жүргүзүшөт. Коомчулуктун пикири боюнча эки өлкөнүн тең кызматтары чегарадан өтүүчүлөргө катуу мамиле кылышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG