Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Коноктордун алды Бишкекте


БИШКЕК. Президенттин ант берүү аземине катышуу үчүн ШКУнун аткаруу катчысы Чжан Деуган, Жапониянын өкмөт башчысынын кеңешчиси Ерика Кавагучи, Тажикистандын өкмөт башчысы Акил Акилов, АКШнын коммерция министри Карлос Гутьере, Чехия парламентинин вице- спикери Войтех Филип, Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Ян Кубиш Бишкекке келди. Түнкүс саат 10до Орусиянын Федерация советинин төрагасы Сергей Миронов, Белоруссиянын Эл өкүлдөр жыйынын төрагасы Геннадий Новицкий келиши күтүлүүдө. Түн ичинде ЕККУнун атайын өкүлү Алоиз Петерли, БУУнун европа өлкөлөр боюнча өкүлү Сергей Орджоникидзе жана Түркиянын Коргоо министри өңдүү бир катар меймандар келишет. Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев эртең менен саат 9да Бишкекте болуп калат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG