Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Ант берүү аземине келчү коноктордун саны көп


БИШКЕК. Президенттин ант берүү аземине биз күткөндөн да көп чет өлкөлүк меймандар келатат. Мындай пикирин “Азаттык” радиосуна вице- премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров 13-августта билдирди. Анын айтымында, азыркы бийликтин конокторду каякка жана кантип жайгаштыруу маселеси менен башы ооруп жаткан кез. Адахан Мадумаровдун айтымында, өкмөт үйү жана мамлекеттик резиденция чет элдик делегацияларды кабыл алчу акыбалда эмес болгондуктан шашылыш жаңылап, оңдогонго туура келди. Инаугурацияны өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетектеген Адахан Мадумаров 1-августта журналисттерге президенттин ант берүү аземине АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, Орусиянын президенти Владмир Путин жана башка бир катар президенттер келет деп билдирген. Эскерте кетели, инаугурацияга баш аягы 20га чукул мамлекеттик делегация келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG