Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Чолпон Орозобекова, Бишкек Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева президент ант берээр алдында “Азаттыкка” маек куруп, аземге даярдык иштери, ага чакырылган коноктор тууралуу кеп салды. Роза айым мындан сырткары ант бергенден кийинки жасалчу аракеттер, өлкөнүн ички-тышкы саясаты жөнүндө да оюн ортого салды.

- Роза Исаковна, президенттин ант берүү аземине саналуу сааттар калды. Азыркы бийлик бул салтанатты өз деңгээлинде тосуп жатабы?

- Мен татынакай, көңүлдүү өтөөрүнө ишенем. Бул дүйнөдөгү жалпы жакшынакай салт. Мен АКШда 1993- жылы Билл Клинтондун ант берүү аземине катыштым эле, андан кийин Грузияда Саакашвилинин ант беришине катышкам. Кыргызстан деле дүйнөнүн бир айылы, андыктан Кыргызстанда биринчи жолу ушундай көңүлдүү азем өткөнү турат. Бирок акча маселесине келгенде, албетте, элдин кыжырына тийип албашыбыз керек. Бая күндөн гезиттер көп жазып чыгышты. Балким ага да ким билет, негиз болуп сөздүн чыга турган жери болуп калгандыр. Революция эмнеден улам болду? Жакырчылык, элдин турмушу начар деп революцияны жасадык, анан ошондон кийин бул салтанат көп акчага айланбашы керек. Бирок мына мен айтып койоюн, бриллиант, тиги-бу деген сөздөр болуп атат, андай жок, мынчалык чыгымдарга өкмөт барбайт. Фонтан жана өкмөт үйү оңдолуп жатат, бул мыйзам ченемдүү нерсе, тегерегибиздин баарын оңдоп алып, анан мейман тоспосок болбойт. Улуу конокторду тосуп атканда тегерегибизди кейпине келтирип алышыбыз керек. Акүйдүн акыбалы аварийный экен, ремонт керек экен. Алатоо аянтында салтанатка даярдык жүрүп атат, муну деле сындагандар бар. Ушунчанын эмне кереги бар дешип.

- Арча түтөтүштүн кереги бар беле деп cындагандар да бар.

- Бул эми кыргыз элинин салты. Биз деле шаарда окуп ошону билбептирбиз. Кыргыздын нукура салты экен. Аянтка бардык дубандан келип атышат. Көбү революцияга катышкандар. Аянтка ар бир облустан өкүлдөр, атактуу адамдар келген атат. Ошто, Жалалабатта, Баткенде чогуу жүргөн адамдар. Президент ошолордун көз алдында, элдин көзүнө карап туруп ант бергени турат. Менимче бул жакшы жөрөлгө.

- Адахан Мадумаров да айтып атат өкмөт үйү жана мамлекеттик резиденция адам ыйлагыдай акыбалда экен деп. Аскар Акаев чет мамлекеттен келген меймандарды кантип тосуп жүргөн?

- Биздин деңгээлибиз өтө түшүп кетиптир. Мисалы коңшу эле мамлекеттерибиз бизден кыйла алдыга кетип калыптыр. Биздики советтик абалдагы бойдон калыптыр. Беш жылдыздуу жападан жалгыз “Хаят” гана мейманканасы, андан башка уяттуу бир мейманканабыз жок, меймандарды жаткыра турган жерибиз жок экен. Чет өлкөлөрдө министр эле беш жылдыздуу мейманкаларга жайгаштырылат. Бизде кырдаал ушундай болуп атат. Мурун кантип тосуп жүрүшкөн. Эмне кылды экен мен айта албайм. Бирок азыр биз ушул чыгымдарды көтөрүшүбүз керек.

- Роза Исаковна, ЕККУдан, БУУдан меймандар, АКШдан соода министри келатат. Бирок революциялык бийлик мындан жогорку деңгээлдеги меймандарды күтсө керек?

- Биринчиден, август айын Европа үчүн өлүү сезон деп койет, эч кимди алып келе албайсың. Август деген ыңгайсыз ай. Экинчиден, Назарбаев келатат, Тажикистандан өкмөт башчы, Өзбекстан менен Түркмөнстандан спикерлер келатат. Жогору эле коноктор го деп ойлойм. АКШнын соода министри келатат. Соода министри чынында биз үчүн кыйла маанилүү. Гутерьес мырза Жоржтун жакын досу, мурун бизнесмен болчу, бул деген биз үчүн жакшы белги. Кытай менен кошунабыз. Борбор Азия деген бул эмне өзү деп, кандай байланыштарды түзөбүз деп биринчи жолу келатат. Соода министринин канчалаган бай бизнесмендер менен алакасы болот. КМШ мамлекеттерине биринчи жолу келиши. Биз үчүн өтө пайдалуу конок. ЕККУнун генералдык катчысы келатат. Европа биримдигин өкүлү Ян Кубиш келатат. Биз тартынбашыбыз керек. Мындай деңгээл бизге абдан жарашыктуу, чоң эле деңгээл деп айта алам.

- Президент ант бергенден кийин көп маселе чечилет деп күтүп атабыз. Өкмөттүн курамы дагы жаңыланышы ыктымал. Сиздин пикириңизде өкмөт канчалык жаңыланышы ыктымал, же көбүнчө эски курам калышы ыктымалбы?

- Чынын айтканда бир эле жума калды. Бир жуманын ичинде көп нерсе чечилет. Азыр Кулов Феликс Шаршенбаевич премьер-министрликке дайындалат. Андан тышкары Шеликс Шаршенбаевич өзүнүн кабинетинин курамын көрсөтөт. Менин ишенимим бар, көп биз тааныган, урматтаган адамдар болушу тиешелүү. Андан тышкары жаңы адамдар болсо биз ага да сүйүнөбүз. Анткени өкмөттүн жаңы курамына жаштар керек, жаңы, алдыңкы көз караштуу, көп билген, жалаң эле Кыргызстандын ичинде эмес, региондо эл аралык деңгээлде урматы өйдө адамдар бизге азыркы учурда өтө эле керек болуп атат. Азыр Кыргызстанда суусап жатабыз. Жаштар келсе өзгөчө биз абдан сүйүнөт элек.

- Революциядан бери беш ай убакыт өтүптүр, ушул беш айдын ичинде азыркы бийлик эмнеге үлгүрдү, эмнеге үлгүрбөй калды деп ойлойсуз? Ушул беш айда бул нерсеге үлгүрсөк болмок деген өкүнүчүңүз барбы?

- Аттигиней деп эле күнүгө айта берсе боло берет. Анткени үмүт чоң. Эл бизге бийликти берип, алып келип, ошол жерге отургузуп, эми биздин турмушту өзгөртсөңөр, баары жаңыча, таза болсо деп калтырып кетти эле. Ошентип айылдарына, Алайкууга чейин тарап кетишкен. Ошол жерден да карап отурушат. Азыр да инаугурация аземине келип, бизге дарттарын айтып атышат, мындайды көрбөй атабыз, өзгөрүү болбой атат, биз мындай деп ойлойгонбуз деп. Ошондуктан биздин өкүнүчтөрүбүз көп. Убакыт тез эле өтүп кетет экен. Чоң-чоң кыйынчылыктар да болуп кетти, биздин башыбызга түштү. Тышкы иштер жагында мен айтат элем, чоң мамлекеттерде да кыйын боло турган ири-ири, орчун, кыйын маселелер моюнга түштү, Өзбекстандан келген качкындар, бул өтө эле оор болду биз үчүн, жүрөктү оорута турган маселе болду. Өзүбүздүн кошунабыз менен ушундай кыйын акыбалда болуп калдык. Али дагы канча кесепеттери бар алдыда. Көп эле нерсени жасайын дедик, бир жагынан жасалды, экинчи жагынан жасалбай калды. Анткени биздин назарыбызды башкага буруп кете тургандай иштер пайда болуп калды.

- Кайсы бир маегиңизде айттыңыз эле, интернет баракчаларга чейин чыккан, Кыргызстан эки оттун ортосунда калды деп, бир жагыбыздан Өзбекстан, бир жагыбыздан эл аралык коомчулук деп. Ушул эки оттун ортосунан Кыргызстан ийгиликтүү чыгып кете алдыбы?

- Менин оюмча бүгүнкү күндү сынап көрсөк, биз туура эле чечим кабыл алдык. Биз өзүбүздүн эл аралык милдеттерибизди, сөзүбүздү кармандык. 1951-жылы Качкындар жөнүндө конвециясына кол койгонбуз, биз качкындарды жөнөтүп жибердик, тилекке каршы аларды Кыргызстан жергесинде кармай албай койдук. Түштүктөн түндүккө алып келип батырсак болот эле. Бирок ошондой мүмкүнчүлүк болбой калды. Түштүктө эл тынчсызданып, абал курчуп кетти. Ошондуктан алардын кетүүсү мажбур болуп калды. Биринчиден, ал проблема аягына чейин чечиле элек. Экинчиден, мен жогору айтып кеттим эле, бул проблеманын али кесепеттери бар, азыртан эле ошол оор проблемалардын үстүндө иштеп атабыз. Кийин кыйынчылыктарга учурабай жакшы чыгып кетсекпи деген ой. Жаз өтсүнчү, ошондо айтабыз, туура кылдыкбы, же туура эмеспи.
XS
SM
MD
LG