Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

НААРАЗЫЛЫК ТОКТОЛГОН ЖОК, КЕП ӨКМӨТТӨ КАЛДЫ


2 айдан ашуун убактан бери темир жол башкармалыгынын жетекчилигин алмаштырууну талап кылып ачкалык жарыялагандар менен 13-августта жаңы өкмөттүн өкүлдөрү жолугушуп, маселе чечилгенче нааразылыкты токтото туруу мунасасына келишти. Темир жолчулар тармактагы коррупцияны токтотуу, жетекчиликти алмаштыруу талабын коюшууда.

Эки айдан ашуун нааразылык билдирип турган темир жолчулардын талабы менен башкармалыктын жетекчиси Н. Түлеев кызматынан алынган. Анын ордуна экс-депутат Кыдыкбек Исаевдин дайындалышы ачкалыкка чыккандардын нааразылыгын дагы күчөтүп, Гүлнара Керимбаева, Ильяс Черикбаев экөө эгер талаптары аткарылбаса президенттик ант берүү аземи өтүп аткан чакта каражанын кыюуга кайыл экенин билдирип ийишти.

Жаңы бийликтин жакшы жөрөлгөсүнө көлөкө түшүрчү ойдо жок жосунду болтурбаш үчүн 13-августта нааразылыкта тургандар менен расмий бийлик өкүлдөрү жолугушту. Анын натыйжасында темир жолчулар нааразылык билдирүүсүн убактылуу токтотууга, өкмөт алардын талабын аткарууга макул болуп, мунасага келишти.

Темир жолчулардын жергиликтүү комитетинин жетекчиси Эрнис Докеновдун айтымында, талаштуу ишти өкмөт эки күн ичинде оңунан чечүүгө убада кылган:

- 16-августта маселени чечип беребиз деп, К. Исаев болсо арызын жазып кетем деп, негизинен кечээ күнү биз Акүйгө барып Дастан Сарыгуловго, бөлөк кишилерге жолуккандан кийин биз да түшүнүп калдык. Биздин маселенин чечилбешине кызыкдар күчтөр бар экен. 14-августта Г. Керимбаеванын өрттөнүшү болсун, И.Черикбаевдин өз жанын өзү кыйышын каалай турган күчтөр бар экенин биз кечөө түшүндүк. Бизге К. Бакиевден бир киши келди. Ал киши: «16-августта К.Бакиев силерди кабыл алат же К.Исаевдин маселесин чечип берет», деп айтты.

Темир жолчу Ильяс Черикбаев нааразылык билдирип чыккандардын негизги талабы - тармактагы коррупцияны жоюу деп эсептейт:

- Биздин талабыбыз – ушу коррупция жоюлсун! Коррупцияга малынып кетти го бүт бардыгы тең. Биздин негизги максатыбыз ушул.

Анын пикирин темир жол коштоочусу Сыйнат Ибраимова да колдойт:

- Ушул жерде отургандар, биз, К. Исаев, Н. Түлеевдер менен күрөшүп аткан жокпуз. Коррупцияны жоготолу, темир жолду көтөрөлү, деген максат менен отурабыз. Ушул жерде отургандардын баары 20 – 30 жыл темир жолдо иштегендербиз.

Темир жол устасы Виктор Горшков мыйзамдуу талаптары аткарылбаса нааразылыгын токтотпой тургандыгын билдирди:

- Биз нааразылыкты таштаганыбыз жок, аны макулдашууга ылайык убактылуу гана токтоттук. 16-августта маселе чечилет дешти. Ошондон мыйзамды сыйлаган жарандар катары кырдаалды курчутпастан, президенттик ант берүү аземи тынч өтүшүн каалайбыз. Биз берилген убадага ишендик. 16-августта талаптар аткарылбаса ачкалыкты улантып, каршылык көрсөтүүнү токтотпойбуз.

Өзүн-өзү өрттөөгө кайыл болгон Гүлнара Керимбаева ахывал оорлошуп, айла кеткенден кийин гана акыркы чарага барууга бел байлаган:

- Оор болду, айла кетип калды. Жогор жакта бийликте отургандар бизди көрсө да көрмөксөн болуп коюшту. Билсе да билмексен болуп коюшту. Темир жол маселеси чечилбесе өзүмү өзүм өрттөй турганымы мен башта эле айткам. Бул акыркы чек болчу. Мен ошондо бийлик эсине келер деп ойлодум.

Темир жол башкармалыгынын жаңы жетекчиси Кыдыкбек Исаев убакты-сааты жоктугун айтып, бул маселе боюнча кийинчерээк кенен аңгемелешүүгө сөз берди. Мындан бираз илгери ал «Азаттык» үналгысына берген маегинде нааразылыкка чыккандар тууралуу өз пикирин мындайча билдирген:

- Ким турат. Проводниктер турат. Жок, бүт бардык проводниктер жаман деп айтканга болбойт. Бирок арасында бар. Билети жоктор көп жүрөт. Ушуларды жумуштан бошоткондон кийин булар каякта турат? Мына, бул жакта пикетте турат.

XS
SM
MD
LG