Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

«Эркиндик» партиясы Жалалабаттагы ишмердүүлүгүн күчөтүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Облуста “Эркиндик” партиясынын катарына өтүүнү каалаган жарандар көбөйдү. Жалалабат шаарынан акыркы жолу партиянын мүчөлүгүнө эки жүз адам кабыл алынды. Алардын наамына партиялык билеттер жазылууда. Уюмга мүчө болгондордун саны облуста он миң кишиден ашты. Каражаттын тартыштыгынан улам мүчөлүккө өтүүнү каалагандардын бардыгына партиялык билет жазып берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Мындай маалымат партиянын облустагы бөлүмүнүн жооптуу катчысы Кылычбек Маматаевден алынды. Жооптуу катчынын маалыматына караганда, партиянын райондук, шаардык бөлүмдөрү Тогузторо районунан башка бардык район, шаарларда түзүлгөн. Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондорундагы айыл-кыштактарда баштапкы уюмдар ачылган. Баштапкы уюмдарды түзүү башка район, шаарларда да улантылат. Партиянын өкүлдөрү жер-жерлерде Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча шайлоочулардын кол топтоолорун улантууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG