Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

«Вечерний Бишкек» гезитинин акциялары «Рубиконго» өтүшү мүмкүн


БИШКЕК. «Вечерний Бишкек» гезитинин акцияларынын контролдук пакети «Рубикон» фирмасына өткөрүлүп берилсин. Аталган басылма ээлеген имарат да бул фирманын карамагына өткөрүлсүн. Мындай чечим 12-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан «МСН» гезитинин баш редактору, «Рубикон» фирмасынын генералдык директору Александр Кимдин арызы боюнча чыгарылды. Райондук сот 2001-жылы «Рубикондун» акцияларынын контролдук пакетин жана анын имаратын «Вечерний Бишкек» гезитине өткөрүү мыйзамсыз болгон деп тапты. Эми эгерде бир айдын ичинде экинчи тарап аппеляциялык арыз менен кайрылса, райондук соттун чечими бышыкталат же болбосо, жокко чыгарылат. Бул тууралуу «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG