Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Казакстандын элчилигинин жаңы имаратын ачуу аземи болду


БИШКЕК. 14-августта Бишкекте Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин жаңы имаратын ачуу аземи өттү. Ага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жана башкалар катышты. Салтанатта Назарбаев сөз сүйлөп, элчиликтин ачылышы кыргыз президентинин ант берүү аземине туш келгендиги эки элди андан да жакындатканын, Кыргызстандын калкы жакында өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Курманбек Бакиевге өлкөнүн келечегин ишенип тапшырганын белгилеп өттү. «Биз Курманбек Бакиевди куттуктоо үчүн, колдоо көрсөтүү үчүн, казак эли кыргыз эли менен экендигин, кызматташууга даяр экендигин билдирип койуу үчүн келдик», - деди Нурсултан Назарбаев. Курманбек Бакиев болсо Кыргызстандын жетекчилиги Казакстан менен болгон достук мамилелерди жана экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн бардык аракетин жумшай тургандыгы тууралуу айтты. Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин жаңы имараты борбор калаанын Манас көчөсүндө, АКШнын Кыргызстандагы элчилигине жакын жайгашкан.

XS
SM
MD
LG