Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Орусиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестицияларды салууга кызыкдар


БИШКЕК. 14-августта Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Мироновду кабыл алды. Төрага президент Владимир Путиндин Курманбек Бакиевге жолдогон куттуктоосу жөнүңдө айтты. Сергей Миронов Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу жана Шанхай кызматташтык уюмунун, КМШнын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы кызматташууну өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги тууралуу айтып, бул багытта КМШнын парламенттер аралык Ассамблеясы тарабынан да белгилүү аракеттер жасалып жаткандыгын белгиледи. Мироновдун айтымында, Орусиялык ишкерлер Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды салууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болууда. Курманбек Бакиев Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрагасына ант берүү аземине келгендиги үчүн ыраазылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктардын өркүндөшүнө ишенимин билдирди.

XS
SM
MD
LG