Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Президенттин ант берүү аземи өттү


БИШКЕК. 14-августта Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев расмий түрдө кызмытына киришти. Мамлекет башчысынын ант берүү аземи борбор калаадагы «Алатоо» аянтында өттү.

Салтанат Кыргызстандын аскер күчтөрүнүн парады менен башталды. Андан соң, салтанаттуу түрдө азем болуп жаткан жерге өлкөнүн мамлекеттик желеги, Конституциясы, президенттин желеги менен төш белгиси алынып келинди.

Курманбек Бакиев ант берүүнүн алдында ата-бабалардын салты боюнча аласталып, өлкөнүн Баш мыйзамын сактоо, бардык жарандардын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу, элди коргоо антын берди.

Ант берүүдөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов президенттик бийликтин белгилерин: төш белгини, желекти жана Кыргызстандын президентинин күбөлүгүн тапшырды.

Президент өз сөзүндө калктын жашоо-шартын жакшыртууга, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүүгө, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Алатоо аянтындагы салтанат Кыргыз телерадиокорпорациясы аркылуу түз эфирден көрсөтүлүп турду. Алатоо аянтына аземди көрүүгө миңдеген адам келди.

XS
SM
MD
LG