Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

ЧЖЕН ДЭГУАН: “КЫРГЫЗСТАНДЫН АКШ БАЗАСЫН КАЛТЫРУУ ЧЕЧИМИН СЫЙЛАЙБЫЗ”


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президенттин ант берүү аземине катышуу үчүн келген ШКУнун аткаруучу катчысы Чжан Дэгуанга кабарчыбыз бир нече суроллор менен кайрылган. Дэгуан мырзанын пикиринде, ШКУнун Астанадагы декларациясында америкалык аскердик базалар тууралуу айтылганы бул чакырык гана болгон. Ал ШКУ Кыргызстандын бул багыттагы чечимин сыйлаарын билдирди.

- Дэгуан мырза, сиз Борбор Азиядагы коопсуздук жаатында бүгүнкү күндөгү башкы коркунуч кайсылар деп ойлойсуз?

- Менимче, эгер сасий кырдаал жана коопсуздук жаатында айтканда жалпысынан кырдаал тынч. Бирок стабилдүүлүккө коркунуч алып келе турган жагдайлар бар. Бул факторлор катары терроризм, эл аралык терроризм жана экстремизм да калууда. Ошондой эле конструктивдүү эмес да күчтөр бар. Бирок бул жерде өнүгүү маселесин унутпаш керек. Мен жакырчылыкты айтып жатам. Бул да стабилдүүлүккө коркунуч алып келген да маселелердин бири. Жакырчылык да стабилдүүлүккө доо кетирет эмеспи. Эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүшүбүз керек. Биз бул багытта терроризмге каршы эл аралык коалицияны колдойбуз.

- Кыргызстанда турган америкалык аскердик база тууралуу эмне дейсиз?

- Биз билебиз, Кыргызстан тиешелүү тараптар менен келишти. Биз бул чечимди сыйлайбыз

- Бирок Шанхай кызматташтык уюму ага каршы да, туурабы?

- ШКУ...Сиз Астанада кабыл алынган декларацияны айтып жатасызбы?

- Ооба.

- Бул деген чакырык эле болду да.
- Ультиматум эмес да, туурабы?

- Туура, сиз туура түшүнгөнсүз. Бул жерде бир аз тактык киргизиш керек, маселе ушунда.

- Курманбек Бакиев жөнүндө айта кетсеңиз, ал элдин үмүтүн актайт деп ойлойсузбу?

- Албетте, албетте, биз аны колдойбуз.

- 24- марттагы ыңкылапты кандай кабыл алдыңыз?

- Бул өлкөнүн ички иши болуп саналат. 24-марттагы окуядан кийин мен дароо Кыргызстанга келдим дагы алгачкы маалыматтарды алгандан кийин, биз эми Кыргызстан туура жолго түшөт деген ишеничте болчубуз.

- Дэгуан мырза, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда АКШнын таасири күчтүү деп ойлобойсузбу?

- Жок, биз кырдаалга андай карабайбыз, бул жерде баарыбыз кызматташа алабыз, ушул конструктивдүү мамиле болуп саналат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG