Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

ГАЗА ТИЛКЕСИНДЕГИ ЖӨӨТТӨР ИЗРАИЛГЕ КӨЧҮРҮЛӨТ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Израилдин тургундарына Газа тилкесинен өз ыктыяры менен көчүүгө берилген мөөнөт ушул жекшембинин түн ортосунда аяктайт. Бул жараянга бир катар жөөттөр нааразылыгын билдирүүдө. Жекшемби таңда израилдик беш жоокер өз аскерине таандык танк аткан окко кабылып жарадар болду. Соңку окуяларга байланыштуу аймакта кырдаал курчуп кетпеши үчүн алдын алып, Израилдин да, Палестинанын да коопсуздук кызматтары катуу даярдыкта турушат.

Газа тилкесин 38 жылдан бери ээлеп алган жөөттөрдүн айрымдары көчүүгө акыркы 48 саат калды деп эскертилгенине карабастан, көнгөн журтунан өз алдынча кетүүдөн кыйылып турушат. Ушул түн ортосунда алардын ыктыярдуу көчүп кетиши үчүн берилген мөөнөт аяктайт. Андан соң Израилдин армиясы көчүүнү каалабаган тургундарды шейшембинин түнүнө чейин бул аймактан Израилге күч менен көчүрүү чараларын жүзөгө ашыра баштамакчы.

Бул Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу жана палестиндерге басып алынган жерин кайтарып берүү үчүн Израилдин өкмөтү көрүп жаткан эң алгачкы аракет. Газа тилкесинен көчүп жаткан тургундар өз тарткан чыгымы үчүн жүз миңдеген долларлык компенсация алышат.

Ал эми көчүрүү долбооруна мойюн сунбай турган тургундар өкмөттүн мындай камкордугунан кур жалак калат. Бирок ага карабастан бир катар жөөттөр өкмөттүн чечимине баш ийгилери жок. Алардын айрымдары бүгүн Иерусалимдин Эски шаарындагы «Батыш дубал» деп аталган жерге өкмөттүн чечимине каршылык көрсөтүү үчүн чогулушту.

Газа тилкесиндеги регионалдык кеңештин башчысы Авнер Шимонинин (Avner Shimoni) айтымында, моюн сунбай жаткан атуулдардын саны 8 миңден кем болбойт. Анын баамында, шейшембиге чейин алардын 5 миңдейи көчүрүлөт.

Анткен менен өкмөттүн чечимине баш ийгендер да аз эмес. Газадагы 21 жөөт айылынын тургундары көчө баштады. Газа тилкесинин түштүгүндөгү Торфа деген жердегилердин үйлөрүнүн жарыгы өчтү.

Аналитиктердин айтымында, кубаттуураак каршылыкты динге катуу ишенген адамдар көрсөтөт болуш керек. Алар премьер Ариэл Шаронду жөөттөрдүн ыйык китебинде - Тооратта жазылган укуктарын сактабай жатат деп айыптоодо.

Израилдин өкмөттүк планына ылайык жөөттөр ал жерден июлда көчүүгө тийиш болчу. Бирок жөттөрдүн Тиша Б Ав деген салттык аза күтүү жөрөлгөлөрү аяктаганга чейин бул көчүрүү жараяны кечеңдетилди. Бүгүн бул аза күтүүнүн жөрөлгөсү соңуна чыкты.

Палестин бийлигинин маалымат министри Набил Шаастын (Nabil Shaath) айтымында, Газа тилкеси азырынча израилдиктердин карамагында эле кала берүүдө:

- Газа тилкесинин аймагы толук боштондукка чыгарыла элек. Аба мейкиндигин жана электромагниттик жыштыктарды, деңиз жана ага баруучу жолдор, чек ара бекеттерин дагы эле Израил көзөмөлдөөдө. Израиль качан керек болгондо тилкени кайра ээлеп алуу укугун сактап калаарын жарыя кылды. Демек, бул аймак Женевадагы Төртүнчү конвенциянын коргоосундагы тилкеге айланышы алгылыктуу болоор эле.

Палестиндердин лидери Махмуд Аббас өз улутташтарына кайрылып, жөөттөрдүн көчүрүлүшү бейпилдик кырдаалында жүзөгө ашырылышына жетишүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG