Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

ЭГЕМЕН ПАКИСТАНГА 58 ЖЫЛ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары 14-августта Пакистан көз карандысыздыгынын 58 жылдыгын белгиледи. Эгемендик салтанатында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн премьер-министри Шаукат Азиз ислам радикализми учурда Пакистандын көз карандысыздыгына коркунуч келтирип жаткан көрүнүштөрдүн бири экенин билдирди.

Пакистан 1947-жылдын 14-августунда Индия менен менен бирге Улуу Британиянын оторчулугунан чыгып, өзүнчө эгемендик алган. Бүгүн көз карандысыздык күнүн белгилөөгө арналган салтанат Исламабаддын борбордук аянтында болду. Ага жоокерлер, студенттер жана калктын өкүлдөрү катышып, премьер-министр Шаукат Азиз сөз сүйлөдү. Шаукат Азиз азыр Пакистандын көз карандысыздыгына коркунуч келтирип жаткан башкы көрүнүш - ислам радикализми деп билдирди. Анын айтымында, мындай коопсуздуктун алдын алуу үчүн Пакистандын өкмөтү коргонуу тармагын күчтөндүрүп, өзөктүк программасы менен ракета чыгаруу өндүрүшүн өнүктүрөт. Бул үчүн Пакистандын экономикасынын мүмкүнчүлүгу бар:

- Биздин жакшы өнүгүп жаткан экономикабыздын ылдамдыгы Азиядагы мамлекеттердин ичинен алдыңкы орунда. Ишкерликте, өнөр жайда жана тейлөө кызматында алга жылыштар арбын. Натыйжада рынокто топтогон капиталыбыз көп. Демократиялык өнүгүүлөр жаатында да ийгиликтер арбын. Атуулдардын укугун коргоонун пайдубалы бекем

Ал эми өлкө президенти Первез Мушарраф кечээ көз карандысыздык күнүнүн алдында дипломаттарга кайрылып, Пакистанда чыгарылган акыркы ракетаны сыноо өз өлкөсүнүн стратегиялык коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттырарын билдирген болчу:

- Бүгүн биз Бабур ракетасы учурулган кезеңге жеттик. Бул биздин окумуштуулар өз өлкөсүнө жасаган белек. Биздин мамлекет жакынкы 100 жылдын ичинде эң кубаттуу жана күчтүү мамлекет болорун бүткүл дүйнө түшүнүшү керек

Пакистан өз канаттуу ракетасын өткөн бейшемби күнү сыноодон өткөргөн болчу.Бирок жанындагы коңшусу Индияга бул жөнүндө кабарлаган эмес. Мындай талап ракеталарды сыноо боюнча эки өлкө ортосунда кол коюлган макулдашууда камтылган болчу. Бирок бул окуя эки өлкөнүн өз ара мамилесине көлөкө түшүрбөгөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG