Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


“Айтыш” коомдук фонду эгемендик майрамын утурлап, салтка айланып калган чоң айтыш өткөрүү камылгасын көрүүдө. Учурда айтышка катышуу үчүн бардык облустардан акындардар тандалууда. Ишембиде Бишкекке келген Иран кинорежиссеру Мохсен Махмальбаф кыргызстандык киноишмерлер жана киносүйүүчүлөр менен жолугушуп, “Сүйүү” аттуу көркөм тасмасынын бет ачарын өткөрдү

Республикалык “Айтыш” коомдук фонду жыл сайын салттуу түрдө байгеси беш жүз миң сомду түзгөн чоң айтышты өткөрүп келет. Ал ар жылы эгемендик майрамын утурлап өтөт. Былтыркы өткөн айтыш Токтогул Сатылгановдун жүз кырк жылдык мааракесине арналса, быйыл Арстанбек Буйлаш уулунун жүз сексен жылдык мааракесине арналып, ушул айдын этегинде өткөрүлмөкчү.Ага карата жетинчи августта Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынан жети акын тандалып алынды. Ал эми ишемби күнү борборубуз Бишкекте Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары жана Бишкек шаарынан келген акындарды тандоо жүрдү. Анда он сегиз акын ат салышып, жетөөсү жеңишке жетишишти.

Айтыштын жүрүшү тууралуу төкмө Садырбек Турумалиев мындай деди:

- Айтыш буйруса таза өтүп жатат. Женижок болбосо анын санатын айткан балдар бар экен, элибизден буйруса Осмонкул, Калык чыгат экен. Кыргыздын акындык, төкмөлүк өнөрү өөрчүйт деп ишендирип айта алам.

Ал эми “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Элмирбек Иманалиев төмөндөгүлөргө токтолду:

- Айтыштын негизги максаты чыгармачыл топтордун арасында жылуу мамилени өркүндөтүү менен бирге байыркы улуу өнөрүбүздү өчүрбөй урпактарга өткөрүп берүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу.

Мына ушул тандоодон өткөн акындар менен бирге мурдагы өткөн айтыштарда баш байгени жеңип алган акындардын коштоосу менен жыйырма тогузунчу, отузунчу августта чоң финалдык айтыш өткөрүлмөкчү.

***

Кыргыз элинин көрүнүктүү кинорежиссеру Төлөмүш Океевдин жетимиш жылдыгына карата Төлөмүш Океев атындагы фонддун демилгеси менен күз айларында Бишкекте эскерүү кечеси өткөрүлмөкчү. Аталган фонддун жетекчиси Азиза Океева ал тууралуу буларга токтолду:

- Төлөмүш Океев кинотасмалары менен Кыргызстанды дүйнөгө белгилүү кылган адам эле. Ошондуктан эскерүү кечесин өткөргөнү турабыз. Ага Хаджа Кулинарлиев, Булат Мансуров, Давлат Худаназаров деген советтик кинонун үлгүлүү кинематографисттери келишмекчи. Андан сырткары Казакстандан атам менен иштешип кеткен кесиптеш достору келишет.

Азиза Окееванын айтымында, келген коноктор алгач кинорежисcердун туулган айылында болушат. Ал эми тарых музейинде өтүүчү кечеде Төлөмүш Океевдин кинолору көрсөтүлүп, ага арналып жазылган китептин бет ачары болот.

***
Ишемби күнү Иран кинорежисcеру Мохсен Махмальбаф Бишкекке келди. Ал ушул эле күнү Чынгыз Айтматов атындагы кино үйүндө көрүүчүлөр жана кино ишмерлери менен жолугушту. Мохсен Махмальбаф өз сөзүндө Кыргызстанга биринчи ирет келгендигин жана Кыргызстанды Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу биле тургандыгын айтып өттү. Кеченин соңунда анын “Сүйүү” аттуу кинотасмасынын бет ачары болду.

Кинонун соңунда айрым көрүүчүлөр фильм туурасында биз менен ой бөлүштү.

- Кино абдан жакты. Себеби дегенде кандайдыр бир жөнөкөй эле нерселер ушунчалык сонун берилиптир. Ошондой эле сүйүүгө болгон мамиле да жакшы чагылдырылыптыр..

- Бул тасма көп кырлуу ойду камтыган фильм болду. Абдан жакшы кино экен. Мен оюмча бул кино көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма болот.

***

“Эркиндик” партиясы ураан ырына акын жана обончулардын арасында конкурс жарыялады. “Эркиндик” партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин айтымында:

-Ураан ырдын сөзү дагы, обону дагы сөзсүз жалпы элге жага турган, бир жагы жөнөкөй экинчиден көркөмдүк жагынан өтө бийик деңгээлде болуп, уккан киши дайыма унутпай ырдап жүрө тургандай болуш керек.

Конкурстун шарты боюнча ураан ырдын сөзү эркиндикти даңктаган, кыргыз элинин улуу тарыхый жолун, соңку мезгилдеги ыңкылаптык бурулушту, Алатоонун ажайып көркүн чагылдырган, келечекте дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына теңелип, табият менен ажырагыс ымалада жашашын көрсөтүү зарыл. Ал эми обону шаңдуу жана бийик көркөмдүк деңгээлде жазылышы абзел. Конкурстун мөөнөтү эки ай.
XS
SM
MD
LG