Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Тажик атуулдары кыргыз чек ара бекетин алып салууну талап кылышты


БАТКЕН. Облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук уюмдар менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Разаков 15-август күнү “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, өткөн жумада Баткен районунун Аксай айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Тамдык чегара бекетине алтымыштан ашык тажик атуулдары келип, тез арада бекеттин алынуусун талап кылышкан.

Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев бул окуянын себебин тажик атуулдары кыргыз жайыттарына ээн-эркин каттап, токойлорду каалашынча пайдалана албай калганынан көрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG