Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Жалалабад пахта заводунун жумушчулары нааразылык акциясын өткөрүштү


ЖАЛАЛАБАТ. Облуста эң ири өнөр жай мекемеси катары эсептелген пахта иштетүүчү заводдун короосуна 300гө жакын адам чогулду. Алар завод туура эмес менчиктештирилип, колдон-колго өткөн ишканада трайбализм менен паракорчулук өөрчүп, иш билги адистердин куугунтукталгандыгынан убагында 70 миң тонна пахта тазалаган ишкананын былтыр 4 миң тонна пахта кабыл алганына, ишкананын мурдакы кадыр–баркынын түшкөндүгүнө нааразы болушту. Жыйында айтылгандай, 2000-жылы 900 адам иштеген заводдо соңку жылдары 500гө жакын адам иштен айдалып, эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөгөн, заводдун 29 миллион сомдук жабдууларынын үчтөн бири калган, көпчүлүк цехтери иштөөгө жараксыз. Жалалабат райондор аралык соту 9-августта пахта заводу бир мекемеге туура эмес менчиктештирилгенин аныктаган.

XS
SM
MD
LG