Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

«Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы жаңы иш пландарын иштеп чыгат


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин төрт күндүк семинары 15-августта Ысыккөл жээгинде башталды. Аталган коалициянын президенти Эдил Байсаловдун «Азаттыкка» кабарлоосуна караганда, төрт күндүн ичинде алар жакынкы жылдары жүргүзө турган иш пландарын иштеп чыгышып, ишмердүүлүгүнүн жаңы стратегия жана тактикасын аныкташмакчы. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюм коалиция курамына өлкө боюнча 160 бейөкмөт уюмдары кирет. Алар соңку он жылдын ичинде өлкөдө өткөн президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго байкоочулук кылышып, шайлоонун адилеттүү өтүшүнө өз салымын кошуп келет.

XS
SM
MD
LG