Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Бүгүн Израилдин Газа тилкесинен кетүүсү ырасмий түрдө башталды


Бүгүндөн тарта израилдик атуулдардын Газа тилкесинде болушу мыйзамсыз деп эсептелинет. Бул акыркы 38 жылдан берки оккупациядан кийинки алгачкы чечкиндүү аракет. Аскерлер Газа тилкесиндеги 21 конушта жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги 4 конушта жашаган жөөттөргө өз үйлөрүн таштап, кетүүгө чакырык барактарын таркатып жатышат. Анткен менен, тилкедеги 5 жөөт конушунун тургундары үй-жайларын таштап кетүүдөн баш тартышууда. Эгерде алар ал жактан кетүүгө каршылык көрсөтүп тура беришсе, шаршембиден тарта аларды аскерлер күч менен алып кетишет. Жалпысынан ал аймактан 9 миңдей адам көчүрүлүшү керек. Алардын көбү көчүрүлдү жана компенсация алуу үчүн арыз беришти.

Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас израилдиктердин Газа тилкесинен кетишин “тарыхый окуя” деп атап, бирок кийинчерээк Иордандын батыш жээгиндеги баардык жөөт конуштары көчүрүлүшү керектигин да эскерте кетти. Анын айтымында, автономиянын парламентине шайлоо 21-январда өтөт.

XS
SM
MD
LG