Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

АМЕРИКАЛЫК МУСУЛМАНДАР АКШнын ТЫШКЫ САЯСАТЫНА САБЫРДУУ МАМИЛЕДЕ


Төрөкул Дооров, Прага Өткөн айда Лондондо болгон ири жардыруулар, анан кийин, аларды кайталоого көрүлгөн аракеттерден соң британиялык мусулмандар арасында нааразылык күчөй баштады. Айрымдардын айтымында, бул өңдүү капачылык көрүнүштөрү Кошмо Штаттарда жашаган мусулмандар арасында да байкалат. Кантсе да, бул көрүнүштөрдү Батыш менен Ислам дүйнөсү ортосундагы айырмачылыктардын жыйынынан турган америкалык тышкы саясат катарында тааныгандар да жок эмес. Коом пикирин изилдөө үчүн өткөрүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, АКШда жашаган мусулмандар арасында өлкөнүн тышкы саясатын жактырбаган мусулмандар көп болгону менен, алар өкмөткө анчалык деле нааразы эмес.

Заффер Мирза АКШга келгенден тарта жакшы иштеп, бутуна туруп алды. Ал Штаттардагы жашоосун айтылуу “америкалык үмүт” менен, башкача айтканда, экономикалык көз-карандысыздык жана диний эркиндикке жетишүү, түшүнүктөрү менен байланыштырат.

Вашингтондун чет жакасында жайгашкан Мусулмандар Коомчулугунун Борборунда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Мирза 1973-жылы туулуп, кийинчерээк өзү өскөн мекени Пакистандан АКШга көчүп келгенин айтты.

Ал кезде Мирза Пакистанда дары-дармек бизнеси менен алектенип, бир топ эле ийгиликтүү иштеп жаткан. Ошондуктан, Кошмо Штаттарда жашаган агасы өзүнө чакырганда, бул кабарды анча деле чоң сүйүнүч менен кабыл алган эмес.

Акыр аягында, ал баары бир АКШга көчүп келди жана азырга чейин бир тармакта ишин улантып келе жатат. Ал бул жактагы жашоосуна ыраазы экенин айтат.

- Эгерде өзүң туулуп-өскөн жерде жашаганга мүмкүнчүлүк болсо, баары бир, ага жетпейт. Бирок эгерде өз өлкөңдө жашай албасаң, анда Америка адамзат үчүн Кудай Тааладан берилген жакшы жер деп ойлойм. Бул жакта адамга мүмкүнчүлүк берилет. Ал эми Үчүнчү Дүйнөдөгү мамлекеттерде канчалык көп иштебе, мүмкүнчүлүк аз. АКШда болсо, эгерде сен чындап берилип иштеп, мыйзам чегинде жашасаң, өлкөдө өскөнгө мүмкүнчүлүктөр кенен. Мен ушул тартипте иштеп, жашап келатам деп ойлойм, - дейт 32 жылдан бери АКШда жашап келаткан Мирза.

Дагы бир мисалды 1973-жылы АКШга көчүп келген Мохаммад Бабахтын тажрыйбасынан көрсө болот. Ал алгач Ганадан Британияга келип, ал жерде сүрөтчү болуп иштеди. 1973-жылы АКШга финансы боюнча окууга тапшырат. Азыр болсо Кошмо Штаттарда медициналык изилдөө компаниясында бухгалтердик бөлүмүн ишке киргизе баштады. Ошол эле учурда Бабах Мусулмандар Коомчулугу Борборунун вице-президенти. Анын айтымында, америкалык мусулмандар Кошмо Штаттары жана андагы жашоо тууралуу ушул өңдүү борборлордо көбүрөөк маалымат алып, “маданий дендароо болуудан (шоктон)” арылып, мындай абалдан жеңил чыгышат.

Заффер Мирза 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин, америкалыктар арасында мусулмандардын баары эле душман дегендер көбөйгөнүн айтат. Бирок буга, бир четинен, америкалык мусулмандар өздөрү да күнөөлүү деп эсептейт ал. Анткени алар ошол кездеги каргашалуу террор актысынан кийин, мусулмандар чынында ким экени, террорчулар менен исламдын ортосунда эч кандай байланыш жок экени тууралуу чечкиндүү айтышкан жок. Алар унчукпай эле олтура беришти, дейт Мирза.
XS
SM
MD
LG