Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:43

Грузия Абхазияны Тбилисиге сез көрсөтүп жатат деп айыптады


ТБИЛИСИ. Грузия аскердик машыгууларды баштаган козголоңчул Абхазияны, Тблисиге сес көрсөтүү максатын көздөп жатат, деп айыптады. Абхазияда бүгүн башталган аскедик машыгууга алты миңдей солдаттар жана резервисттер, артиллерия менен мотордоштурулган бөлүктөр, аскердик авиация менен аскер деңиз күчтөрү катышып жатышат. Алар машыгуусун жума күнү жума күнү Абхаз лидери Сергей Багапштын катышусунда аякташат. Грузиянын грузин-абхаз жаңжалын жөнгө салуу министри Гиоргий Хайдрава аскердик машыгуу Россиянын шыкагы менен, демилитарзацияланган мейкиндикке жакын жерде жүргүзүлүп жатат, деп нааразы болду. Абхазия 1993-жылы абхаз аскерлери Грузиянын өкмөттүк күчтөрүн региондон сүрүп чыккандан бери, өзүн-өзү башкарып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG