Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:47

Кипрде жекшемби күнү кыйрап калган учактын жүргүнчүлүрүнө үч күндүк аза күтүү башталды


АФИНА. Кипрде жекшемби күнү кыйрап калган учактын жүргүнчүлөрүнө үч күндүк аза күтүү башталды. "Хелиос" авиакомпаниясына караштуу Боинг-737 учагында бараткан 121 жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгүнүн денелери жана борттогу кара үкөктүн экөө тең табылды. Кипрден Прагага Афина аркылуу учуп бараткан учак баш грек баш калаасынан алыс эмес жерде кыйрап калган. Алдын ала иликтөөлөр айтып тургандай, машиненин кыйроосуна учактын ичиндеги аба басымынын кескин төмөндөп, кабинадагы температуранын ылдыйлап кетиши себеп болгон шекилдүү. Расмий маалыматтар боюнча, жүргүнчүлөрдүн көбү машине кулаганга чейин эле тоңуп, жан беришкен.
Анын аралыгында, бүгүн Кипрдин Ларнака аэропортунда "Хелиос" авиакомпаниясынын Софияга бараткан учагына 100дөй пассажир түшүүдөн баш тарткандыгы маалымдалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG