Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

2006-жылы Кыргызстанда облустар жоюлат


БИШКЕК. 2006-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда административдик реформа жүргүзүлүп, облустар жоюлат. Бул тууралуу 15-августта өлкөнүн вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров Жапониянын Кыргызстандагы жана Казакстандагы элчиси Тошио Цунодзаки менен болгон жолугушуусунда билдирди. Облустар жоюлгандан кийин райондор менен жергиликтүү айыл өкмөттөрү түздөн-түз өкмөткө баш ийет. Ошондой эле райондук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктары кайра каралып чыгат. Жапон элчиси менен болгон жолугушууда Адахан Мадумаров өкмөттүн алдындагы башкы маселелер катары социалдык туруктуулукту, экономикалык өсүүнү камсыз кылуу, жаштар саясатын жакшыртууну жана башкаларды белгиледи.

XS
SM
MD
LG