Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:19

КУШ ЫЛАҢЫ ЧЕЛЯБИН ОБУЛУСУНА ЖЕТТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Челябин обулусу «Куштардын тумоосу» чыккан Орусиядагы алтынчы аймак болуп калды. ИНТЕРФАКС агенттиги кабарлагандай, ал илдеттен Октябрское кыштагында мурунку аптада 60 үй канатуусу өлгөн. Лабораториялык изилдөөлөр алар «куштар тумоосунан» өлгөнүн аныкташкан. Ошондон тарта ал районго карантин жарыяланган. Ырасмий билдирүүгө караганда, азырынча ал илдет менен ооруу кишилер арасында жок.

Орусияда ырасмий бийлик “куш тумоосу” басаңдап калды дегени менен мурунку ишембиде эми ал Челябинск обулусунун Октябрское кыштагынан катталган. Кеткен айдын 21-күнү Новосибирск обулусуан чыгып ошондон бир апатанын ичинде өлкөнүн беш субъектисине таркап кеткен. Натыйжада ар кайсы чарба баш-аягы 65 миң баш тоок, каз, өрдөгүн кырып, аларды өрттөп салууга аргасыз болушкан.

Баса, бийлик ар бир тоок үчүн 100, өрдөк үчүн 150, күрп үчүн 200 рублейден жөлөк пул төлөп атат. Ошого карабай үй канаттуулар багып, пайда таап аткан бермерлер банкротко учуроосу турулуу иш дешет. Анын себебин Бүткүлорусиялык канаттуу куш боюнча илимий ветеринардык изилдөө институтутун директору Эдуард Жовадов Орусияда камсыздандыруу системасынын жок болушунан көрөт:

- Европалык өлкөлөрдө ошондой эле Америкалык континентте бермерлер чыгымга учураары менен мамлекет аларга дароо жөлөк пул төлөйт. Андан тышкары ал өлкөлөрдө бардык үй жаныбарлары, алардын катарында үй канаттууларын касыздандыруу сөзсүз болушу керек. Орусияда мындай система жок. Ошондуктан бермерлердин колунда куштары кырылды дегиче ал чарбалардын банкротко учурашын пайда кылат.

Орусиянын чукул кырдаалдар министрлиги таркаткан маалыматта “куш тумоосунун” өлкөнүн европалык тарабына деле, Кара деңиз, Каспий деңиз жэээктерине дейре тарашы толук ыктымал. Буга дейре өлкөнүн беш субъектисинен жолуккан бул илдет тургундардын миңдеген үй канаттууларын кырышка мажбурлаган. Маселен, бир эле Түмөн обулусунун алты районунан 18 миң 187 тоок, каз, өрдөк жок кылынган. Алтай крайынын 14 кыштагынан ал илдет айынан миңдеген куштар кырылган.
Ошол себептүү Орусия менен Казакстандан тартып келип үй канаттуулар этин сатууга Кыргызстан мурунку жумада тыюу салды. Ал өлкөлөр үчүн ушундай эле тыюу салуу Европалык Биримдигин түзгөн өлкөлөр тараптан да болду.

Кайсы жагынан алба өлкөгө чыгым гана алып келе турган мындай илдеттен коргонуу жолун табуу дагы кыйла убакты талап кылат дешет. Ал дартка дабаа болуучу вакцинаны Орусиялык илимдер академисянын вице-президенти Рем Петров кийинки жылы гана сатыкка түшөт дейт. Анын кечигип атышы изилдөө институттарынын каражаты жок болгондуктан иштери токтоп калышынан дешет. Ошол себептүү жер-жерлердеги жетекчилер “куштар тумоосунан” азыркы тушта карантин киргизип гана коргонууга болот дешет:

- Бүтүндөй обулус боюнча карантин жарыялап гана бул вирустан коргонууга болот, - дейт «Приморская» тоок фабрикасынын директорунун орун басары Максим Смирнов.

ИНТЕРФАКС агенттиги жазганга караганда, ишемби күнү Новосибирдик сыналгыга кабарчы болуп иштеген Мария Пашкова “куш тумоосун” жугузуп алган деген болжол менен доктурга жаткызылган. Ал Октябрское кыштагында тоок кырылган жерден сюжет тартып келген жана кайтып келери менен эти ысып, шайманы кетип тургандыктан доктур чакыртылган.

Азырга дейре анын дартынын аты тактала элек.

XS
SM
MD
LG