Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫ КАНДАЙ БОЛОТ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мамлекет башчынын жардыгына ылайык Феликс Кулов 15-августта өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми өкмөттүн курамы кайрадан түзүлөт. Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык өкмөттүн түзүмүн жана толук курамын аныктоо президенттин ыйгарым укугуна кирет. Ал эми Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун 13-майда түзгөн өз ара келишиминде өкмөттүн курамы премьер-министр тарабынан, президенттин макулдугу менен түзүлөт деп жазылган. Буга байланыштуу учурда коомчулукта түрдүү пикирлер жаралууда.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 46, 70-беренелерине ылайык өкмөттүн түзүмү жана курамы мамлекет башчы тарабынан аныкталат жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Ал эми Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун 13-майдагы өз ара келишиминде өкмөттүн түзүмү өкмөт башчы тарабынан президенттин макулдугу менен аныкталат деп жазылган. Мамлекет башчынын 15-августтагы жардыгы менен Феликс Кулов өкмөт башчы болуп дайындалды. Жакын арада эми өкмөттүн курамы такталмакчы. Азырынча өлкөдө жаңы Конституция кабыл алына элек. Буга байланыштуу коомчулукта өкмөттүн курамы ким тарабынан аныкталат деген суроо боюнча түрдүү пикирлер жаралууда.

Маселен, «Акыйкат» партиясынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев өкмөттүн курамы Кулов менен Бакиевдин тандемине ылайык чечилиши зарыл дейт:

- Менин оюмча, ошол келишимдин шарттарына ылайык түзүлүш керек. Анткени өлкөдөгү тынчтык ошол тандемге жараша түзүлдү. Эл да ошого жараша тынчтанып турат. Ошондуктан өкмөттүн курамы ошол келишимге жараша түзүлүшү зарыл.

Ал эми “Эркиндик” партиясынын торагасы Топчубек Тургуналиев мындай пикирге макул эмес:

- Өкмөттүн курамын Баш мыйзамга ылайык президент түзөт. Албетте бул ишке баш министр катышат. Ал эми Кулов менен Бакиевдин келишими-бул саясий кадам болгон. Анын эч кандай юридикалык күчү жок. Ал жөн гана саясий кадам болгон. Корутундулап айтканда Кыргызстанда кош бийликке жол берилбеш керек. Президенттин өзүнүн программасы бар. Бардыгы бир командада болушу керек. Мен да команда түзөм дегендерге жол бербеш керек. Анда баш аламандык болот.

Белгилей кетүүчү нерсе, Баш мыйзамдын 70-беренесинде жаңыдан шайланган президенттин кызматка киришүүсү менен өкмөттүн толук курамынын ыйгарым укуктары токтотулат деп жазылган. Ага ылайык жакын арада өкмөттүн жаңы курамы түзүлөөрү зарыл. Буга байланыштуу коомчулукта 24-марттан кийин түзүлгөн өкмөттүн курамы кайрадан жаңыланышы зарылбы деген суроо жаралууда. Негедир бул маселеде көпчүлүк саясатчылардын пикири бирдей:

- Чынында ыңкылапка катышса эле жогорку кызматка коюуга себеп болбош керек. Ал эми өкмөттө чыныгы адистер отурушу керек. Ошондуктан менин оюмча, ыңкылаптан кийин келгендердин жетимиш беш пайызы өкмөт башкарууга жарабайт, деди «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев.

Бул маселени айрым өкмөт мүчөлөрү да колдошууда.Алардын бири, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаровдун пикири төмөнкүчө:

- Президент бул суроого так, ачык жооп берди. Ал соңку бир нече айдын ичинде бардык мамлекеттик кызматкерлердин ишин көз алдыман өткөрдүм, ошого жараша кийинки өкмөт курамы аныкталат деди. Демек кимдер калат, кимдер кандай кызматка ээ болот - бул мамлекет башчынын өзүнүн укугу.

Ошентип, коомчулукта өкмөттүн курамын түзүү боюнча карама-каршы пикирлер жаралууда. Анын баары Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан келгенден кийин чечилет.
XS
SM
MD
LG