Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

ЭКИ КҮНДӨН СОҢ БИШКЕК МЭРИ ШАЙЛАНАТ


Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен 18- августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо белгиленген. Мэрди шаардык депутаттар 4 жылга шайлайт.Учурда шаар тургундары баш калаанын мэри ким болоор экен дешип, кулак түрүп турган кез.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 15-августтагы жыйынында “Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссияны түзүү” тууралуу токтом кабыл алынып, комиссиянын төрагалыгына БШКнын мүчөсү Дамир Лисовский дайындалган. Ошондой эле шаар башчысын шайлоо боюнча комиссия мүчөлүгүнө Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Алексей Тергалинский жана шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Токтобүбү Жакупбекова кирген.

Баш калаанын мэрин шаардык кеңештин 44 депутатты 18-августта саат 9да жашыруун добуш берүү менен шайлайт. Мэрликке талапкерлердин ысымдары ушул күнү гана анык болоорун Бишкек шаардык депутаттар кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболова айтты:

- Президенттин буйругуна ылайык президенттин өкүлү Үсөн Сыдыков мэрликке талапкерлердин ысымдарын 18- августта эртең менен айтып, жарыя кылат. Талапкерлер программалары менен тааныштырып, шайлоо бюллетендерине ысымдары катталат. Мэрди шайлоо жашыруун добуш берүү менен жүргүзүлөт. Мэрди шайлоо ачык- айкын, калыс өтөт деп ишенем. Шаардык кеңештин депутаттарына эч кандай кысым болбойт, ар ким өз көңүлү менен добуш берет деп ойлойм. Учурда мэрликке талапкер катары Аскар Салымбековду билем. Вице- мэрлер Арстанбек Ногоев менен Чынарбек Алымкуловдун ысымдары да айтылууда. Алардын кимисинин талапкерлиги койулаарын азырынча билине элек. Талапкерлер18-августта анык болмокчу. Мэрликке талапкер катары Жусупбек Шариповдун аты аталып жатканын да угуп жатабыз. Ал эми Алманбет Матубраимовдун талапкерлигин мен укканым жок.

Бишкек шаарынын айрым тургундары мэрликке талапкер катары учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Аскар Салымбековдун, вице-мэрлер Арстанбек Ногоев менен Чынарбек Алымкуловдун, Жалалабад облусунун мурдакы губернатору Жусупбек Шариповдун жана президенттин түштүк региону боюнча өкүлү Алманбет Матубраимовдун ысымдарын айтышууда. Азырынча Аскар Салымбековдун гана мэрликке талапкерлиги анык. Бишкек шаарынын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон мурдакы шаар башчылары тууралуу баш калаанын айрым тургундары бизге өз ой-пикирлерин мындайча билдиришти:

Гүлсайра - пенсионер:

- Фрунзе кезинде Октябрь Медеров деген мыкты мэр болгон. Шаардын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Элге, шаар калкына да жакшы жардам берчү. Андан кийинки мэрлердин атын да билбейм. Эгемендүү болгону Амангелди Муралиев, Борис Силаев жана Медетбек Керимкулов шаар башчысы болушту. Алардын ичинен Медетбек Керимкулов жакшы иштеди. Шаардын көчөлөрүн оңдоп, жашылдандырууну колго алды.

Өзүбек Абазов - перноналдык пенсинер:

- Шаардык аткаруу комитетине илгери Койбагаров көп жыл төрага болуп, жакшы иштеген эле. Анан Октябрь Медеров да демилгелүү иштеп берген. Маркум Апсамат Масалиев да учурунда шаар башчысы болуп турганда, өнөр жайдын өнүгүшүнө басым жасаган.

Динара:

- Мэрлерден Медетбек Керимкулов тууралуу жакшы пикирдемин. Саясый оюндарга аралашпай, шаардын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылды. Бишкек шаары - Кыргыз мамлекетинин күзгүсү, жүзү болгондуктан улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырып турса деймин. Жаңы шайланган мэр ушундай маселелерге, шаар тазалыгына, жашылдандырууга, өнөр жайын калыбына келтирүүгө аракет кылса деген тилегим бар.

Жолдошбек Карыбаев - куруучу:

- Мэрликке Аскар Салымбеков гана татыктуу деп ойлойм, себеби ал шаар көйгөйлөрүн жакшы билет. Жетекчилик тажрыйбасы да жетиштүү болуп калды. Шаардын көркүн ачкан курулуш имараттарын да салып, колунан иш келээрин далилдеп койду.

Жээнбек Калдаров:

- Эки-үч айдан бери шаарда эч жылыш да, жаңылык да байкалбайт. Шаардын көчөлөрүн жарык кылуу, тазалык, тартип тармагында иш солгун болуп турат. Кыш келатат, шаардын жылуулук системасын колго алган жетекчилер да байкалбайт. “Бай, пара албайт, базары бар” дешкен Аскар Салымбековдун шаарды өнүктүрүү боюнча программасын укканым жок.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG