Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Кондолиза Райс Кыргызстанга келүүнү убада кылган эмес


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Кыргызстанга ант берүү аземине келүүнү убада кылган эмес жана иш планында да жок болчу. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова билдирди. Анын айтымында, массалык маалымат каражаттарында ушундай кабар жарыялангандан кийин АКШнын мамлекеттик департаментине бул тууралуу кайрылган. Качкындар маселесинин чечилишине нааразы болгон Кондолиза Райс келүүдөн баш тартты деген туура эмес маалымат. Элчи айым АКШ өкмөтү 439 өзбекстандык качкынды үчүнчү өлкөгө өткөрүп бергени үчүн Кыргызстанга абдан ыраазы экенин да билдирди.

Вице-премьердин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров ант берүү аземине Кондолиза Райс келет деп 1-августта билдирген эле. Бирок АКШдан бул аземге соода министри келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG