Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Акыйкатчы КМШ өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктардын абалын иликтөөдө


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу КМШ өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктардын укугунун корголушун иликтеп жүрөт. Акыйкатчынын маалымат кызматы билдиргенге караганда, ал буга чейин Орусияда, Украинада жана Белорусияда болду, эми Борбор Азия мамлекеттерине барганы жатат. Турсунбай Бакир уулу чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укугунун бузулушу, ага карата чаралар жөнүндө билдирүү даярдап, күзүндө парламентке сунуштайт. Айрым маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстандын жарым миллионго чукул атуулу чет өлкөлөрдө жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG