Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

ЧЕЧЕН СОГУШУ 160 МИҢ АДАМДЫН ӨМҮРҮН ЖАЛМАДЫБЫ?


Чеченстандын Москвачыл жетекчилеринин бири орус бийликтеринин чечен жикичлерине каршы эки жолку согушунда бардыгы 160 миңге жакын адам набыт болгонун билдирди. Алардын төрттөн бири же 40 миң чамалуусу чечендер. Адис-талдоочулар Чечен парламентинин төрагасы Таус Жабраиловдун согуштун курмандыктары жөнүндөгү маалыматын саясый максатты көздөп жасалган кадам катары баалашты. Буга дейре ырасмий Кремль Чеченстанда жүрүп жаткан согуш 100 миңдей адамдын өмүрүн жалмаганын айтып келген.

Чеченстандын утурумдук парламентинин төрагасы Таус Жабраилов 15-августа Россия коомчулугунун бүйүрүн кызыткан билдирүү жасады. Анын маалымдашынча, 1994-96-жылдардагы биринчи жана 1999-жылдан бери Чеченстанда жүрүп жаткан экинчи согушта аз дегенде 150- 160 миң адамдын каны төгүлдү:

- Бул Чечен республикасындагы жалпы жоготуулардын саны, бул федералдык күчтөрдүн жоготуусу жана согушта жоголгон адамдардын эсеби. Биз бул санды ырасмий түрдө айтканыбыз менен, аны ырастоо мүмкүн эмес.

Таус Жабраиловдун “Азаттык” радиосуна айтышынча, алардын ичинен согушта курман болгон чечендердин саны 40 миңден ашпайт.

Орус өкмөтү чечен жикчилерине каршы согушта өлгөн адамдардын жалпы санын жарыялай элек. Бирок ырасмий маалыматтарда Чеченстанда 10 миңге жакын аскердин окко учканы айтылат. Көз карандысыз талдоочулар менен адам укугун коргоочулар эки урушта 40 миңдей адам өлдү деп ырасташат. Ал эми адам укугун коргоочу “Мемориал” уюму 1994-жылдан бери Чеченстанда 75 миң орус жана чечен жараны өлдү деп тастыктайт.

“Мемориалдын” талдоочусу Александр Черкасов Чечен парламентинин төрагасынын билдирүүсүн “саясый максатты көздөп жасалган кадам” деп атап, федералдык бийликтер сыяктуу эле Чечен өкмөтү да урушта өлгөн жана жоголгон адамдардын эсебин албаганына көңүл бурат:

- Саясатчылар шилтеме жасаган сандардын көбү бир гана саясый максатты көздөйт. “Канча? Канча керек болсо!” деш, учурга таандык көрүнүш. Биринчи да, экинчи да согуш кезинде бийликтер андагы жоготууларды санаган эмес. Себеби, жарандардын өлүмү Чеченстанда тартип орнотулду деген идеяга каршы келмек.

Москвалык таанымал эксперт Алексей Малашенко да Жабраилов береги маалыматты саясый максат менен жарыялады, согушта өлгөн адамдардын, анын ичинде чечендердин санын өтө эле көбөйтүп жиберген деп санайт.

Малашенконун айтымында, Жабраилов эл арасында Кремлге нааразылык жаратуу үчүн Чеченстандагы согуштун баасы 160 миңге жакын адамдын өмүрүнө турду деп жатат:

- Согушка катыштыгы бар адамдардын аны коркунучтуу кылып көрсөтүү аракетин түшүнсө болот. Бул чатактан аябай жабыр тарткан Чеченстан үчүн кадыресе көрүнүш. Бул борбордук бийликти сындоонун, Москва өтө чоң катачылыктарды кетирди жана анын кесепетинен чечен коомчулугу орду толгус жоготууларга кабылды деп айтуунун бир жолу.

Федералдык күчтөрдүн чечен эрегишчилерине каршы согушунан, Малашенконун сөзүнчө, карапайым чечендерге катар этникалык орустар да катуу жабыр тарткан.

Адам укугун коргоочулар да аскерлер биринчи согуш кезинде Чеченстанда жашаган орустарга өтө катаал мамиле кылганын жана Грозныйдан элдин жапырт көчүүсү учурунда орустар көп запкы көргөнүн өз маалында үзбөй маалымдап турушкан.

XS
SM
MD
LG