Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугу менен ден соолугун коргоо боюнча федералдык кызматынын билдиргенине караганда, канаттуулар сасык тумоосу Россиянын Европа бөлүгүндө жайылып баратат. Үй канаттуулардын массалык кырылуусуна алып келген дарт 17-августта Калмыкстандын фермаларында пайда болду. Бүгүнкү күнгө чейин эпидемия Россиянын алты областында, Казакстанда жана кошуна Монголияда катталды. Эгерде Калмыкстанда дартка H5N1 вирусу себеп болгондугу ырасталса, анда бул ылаң Россиянын 7 регионунда катталган болот.

Түштүк-Чыгыш Азиядан келген бул дарттын очоктору Россияда эле эмес, Казакстандын алты жеринде жана кошуна Монголияда катталды. Анализдер Казакстандын үй канаттууларын каптаган дарт Азия өлкөлөрүндө 2003-жылдан бери 50дөй кишинин өмүрүн алып кеткен H5N1 вирусунан чыкканын көрсөтүүдө.

Россия менен Казакстандын ветеринардык кызматтары дарттын очокторун жеринде жок кылуу үчүн колдон келген аракеттерди жасап жатышат. Дарт чыккан короолорду жергиликтүү милиция кызматкери баш болгон атайын топ кыдырып, чарба ээлерин өрдөк, каз жана тоокторду конфискациялоо жөнүндөгү жарлык менен тааныштырып, канаттууларды жеринде жок кылуу менен алек.

Андан соң өлтүрүлгөн канаттуулар атайын баштыктарга салынып, күн мурунтан бөлүнүп берилген ээн жерлерге алып барып, өрттөп, көмүлүүдө.

Адамдын ден соолугу үчүн бир топ опуртал бул ишти аткаруу үчүн дезинфекциялоочу топтор атайын унаалар жана дезинфекциялоочу жабдуулар менен камсыздалууда. Ветеринария жана саламаттык сактоо кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Россиянын Челябинск областынын Октябрьское кыштагынын тургундарынын бири Анатолий Белоусов дарттын жайылуусуна бөгөт койуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө буларды баяндады:

- Менин каз-өрдөктөрүм, бройлер тоокторум бар болучу. Эң оболу дартка каздар чалдыкты. Албетте өрдөк-каздарыма ичим ачышып жатат, бирок эртең баарынан коол жууп калгандан көрө, бүгүн буларды жокко чыгарып, садага чапканым оң.

Бирок албетте көпчүлүктө мал-жанын кыргындан аман сактап калууга, же өлгөн канаттуунун этин сатып, пайда таап калууга аракеттенгендер да болбой койбойт. Андайга бөгөт койуу үчүн Россиянын дарт чыккан райондорунда жолдор тосмого алынды.

Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери ары- бери өткөн машинелерди күнү бою текшерип жатышат. Автоинспектор Алексей Деревянко:

- Биз бул жерде эртең менен саат 9дан кечки 9га чейин иштеп жатабыз. Ары бери өткөн ар бир машинени бирин койбой текшерип, бир да тоок, бир да үй канаттуусу райондон чыкпасы үчүн бар арганы жасап жатабыз.

Өз кезегинде Саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери канаттууларды жок кылуу менен арпалышкан адамдарды катаң көзөмөлгө алып жатышат.

Октябрьскоенин ооруканасынын башкы дарыгери Александр Иванов:

- Азыркы тапта ылаңга чалдыккан үй канаттуулары менен контактта болгон 37 киши бар. Азыр алдыда айтылган 37 кишинин баары тең медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат. Ылаңдын очогу райондун 15 жеринде катталды., - дейт.

Канаттуулар сасык тумоосунун H5N1 вирусу өтө жугуштуу, ал канаттуудан канаттууга тез өтөт. Түштүк Азиядагы эпидемия анын адамга да жугаарын көрсөттү.

Бирок, тилекке жараша, азырынча Россия менен Казакстанда бул вирустун адамга жуккан учуру каттала элек. Медиктер мунун алдын алуунун эң ишенчиликтүү жолу - ылаңдын үй канаттууларына массалык жайылуусуна бөгөт койуу, дешет.

Акыркы маалыматтар боюнча, ылаңдын очогу азырынча Кыргызстанда каттала элек. Бирок Казакстан менен чектеш жерлерде катуу көзөмөл орнотулбагандыктан, эртең бул дарт Кыргызстанда тутанбасына кепилдик жок, деп чочулашат айрым расмий өкүлдөр.
XS
SM
MD
LG